ЭЛ ӨКҮЛҮ ОКУУЧУЛАРДЫ ОН КҮНГӨ ТАРАТУУ ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ЧЫКТЫ

  • 25.01.2018
  • 0

Мектеп окуучуларын бир аптага же 10 күнгө кышкы эс алууга таратуу керек. Бул тууралуу «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, сууктан улам ушундай кадамга баруу керек.

  • 30-40 градус деген эмне. Калчылдап, тоңуп жатышат. Оорулуу болуп калат. Келечегибиз жок калабыз. Тоолуу райондордо 10 күндөй каникул беришибиз керек. Андан кийин деле Чыңгыз Айтматовдору чыга берет, — деди Жолдошбаев.

Эл өкүлүнүн пикирин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов да колдоого алып, бир аптага каникул берүү керектигин баса белгиледи.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков парламентке билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын келе турганын, оюн, программасын уккандан кийин сунуш талкууга коюларын айтты.

Бөлүшүү

Комментарийлер