ЭЛ ӨКҮЛҮ АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ

  • 01.03.2019
  • 0

26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргыз улуттук агрардык университетинде болуп, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамаат жана студенттер менен жолугушту.

Кенжебек Бокоев алгач университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары, лингафондук кабинеттери, окуу аудиториялары, илимий электрондук китепканасы, спорт комплекси, музейи менен таанышты. Андан соң окуу жайдын жамааты жана студенттери менен жолугушуп, профессор-окутуучулардын, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Эл өкүлү жолугушуунун соңунда студенттердин билим алуусуна жогорку деңгээлде шарттарды түзүп берип жаткандыгы үчүн окуу жайдын ректору Р.Нургазиевге жана жамаатка ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер