ЭЛ ИЧИНДЕГИ ЭЛ МУГАЛИМИ

  • 30.01.2020
  • 0

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинде КР Эмгек сиңирген мугалими, эл ичинде Эл мугалими наамына татып жүргөн Гапыр Мадаминов менен жолугушуу болуп өттү.

ЭЛ ИЧИНДЕГИ ЭЛ МУГАЛИМИ

— Айтуу кайтарат, үлгү ээрчитет. Балага акылдуу болуп айта эле бербей ата-эне да,  мугалим да үлгү болуп өзүбүз көрсөтүүбүз керек. Балага “мугалимиң катуу тийсе, колу тийсе мага айт, мектебиңе барып ошол мугалимиңе көрсөтүп коём” деп мамасы жөнөтсө, анан баласы келип керсейип отурса кайдагы билим берүү болот? Же “бар мектебиңе, тез барып келе кал дагы, үйдөгү иштерди бүтүр, окуп эле президент болот белең” деп жөнөтсө, ал бала келип башын жерге салып отурат, окусам энем көрүп алат деп. Балдарга төрт хадисти жаттатып коюп, илим бердик дейбиз. Балага диний илим менен бирге билимди да кошо бергенди үйрөнөлү. Дүйнөнү сулуулук сактайт деп эле бетибизди боёй бербешибиз керек. Сулуулук бетте эмес, башкада. Бул сөздү айткан окумуштуулар бүт китептерди окуп чыгыптыр, керек болсо диний китептерди да, мисалы, А.С.Пушкиндин «Подражания к Корану» деген чыгармасы бар. «Инсанияттын сулуулугу, ички дүйнөнүн сулуулугу, табияттын сулуулугу, мамиленин сулуулугу тууралуу көбүрөөк ойлонуубуз керек. Европада билимдүүлөр көп, акылдуулар көп десең,  биз кыргызбыз да дейбиз дагы анан евроремонт жасайбыз, евромашина минебиз. Анан эмнеге билим жагын алардыкындай жасабайбыз? Сеникинен менин машинем зор, мунукунан тигинин үйү зор деп байлыктан жарышпай билимден жарышалычы. Канча китеп окуду, канча беш алып келди баласы менен баарлашкандын ордуна эки саат телефон менен кимдин тою кандай өттү, эмне сарпай жасады, канча подарка түшүптүр деп телефон кызып кеткенче сүйлөшөбүз, — деген ойлорун Гапар айга ортого салды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер