ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

  • 01.12.2022
  • 0

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу жайдын түптөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер, 3-даражадагы Манас орденинин ээси, маркум Карыбек Молдобаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана 2021-2022-окуу жылынын мыкты студенттерине “Карыбек Молдобаев” атындагы стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чара маркумду бир мүнѳттүк эскерүү менен башталып, «Мезгил жана өзүм тууралуу ой жүгүртүүлөр» деген Карыбек Молдобаевдин өзү тууралуу китебинин негизинде тартылган тасманын көрсөтүлүшү менен башталды.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

КТМУнун биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев  профессор К.Молдобаевдин өлкөнүн өнүгүүсүндө, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетин түптөөдө жана өнүктүрүүдө эбегейсиз чоң салымы бар экендигин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө батыш моделиндеги, эл аралык тажрыйбага таянган, заманбап окуу жайын курууга болгон далаалаттарына, татыктуу ишмердүүлүктөрүнө токтолду.

— Агайдын шакирттери жана үзөнгүлөштөрү көп болгон. Анын таптап, тарбиялаган шакирттеринен мамлекетти жетектеген инсандар чыкты. Ал абдан көрөгөч, турмуштук тажрыйбага бай, кесиптик жагынан жогорку даражага жеткен жана адамдык сапаты жогору инсан болгон. Ал дайыма ынтымакка чакырып, ансыз өнүгүү болбосун айтып турчу.  Чынында эле агайыбыздын окуу жай үчүн жасаган эмгектери баа жеткис. Быйыл Орто Азиянын Гарварды болушу керек деген тилек менен курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түзүлгѳнүнѳ 27 жыл толду, учурда Борбор Азиянын Чолпон жылдызына айланган, татыктуу билим берген, эл аралык деңгээлге чыгып, Кыргызстандын тарыхында дүйнѳлүк рейтингге кирген алгачкы университет болууга жетишти. Бул бийик даражага Карыбек Молдобаев агайыбыз баш болуп жетиштик. Биз эч качан окуу жайыбыздын тарыхында из калтырган улуу инсандарды унутпайбыз жана сый-урматыбыз менен Карыбек агайды куруучу ректор катары эскеребиз. Жакында окуу жайдын окумуштуулар кеңешинде түштүк магистраль тараптан университеттин Ч.Айтматов атындагы кампусуна кирген негизги жолго Карыбек Молдобаевдин ысымын ыйгаруу бир добуштан кабыл алынды. Ошондой эле агайдын атын ѳчүрбѳй жыл сайын университеттин мыкты студенттерине “Карыбек Молдобаев” атындагы стипендияларын тапшырып келе жаткан үй-бүлѳсүнѳ ыраазычылык билдирем, — деди.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Андан кийин окуу жайдын гумантардык факультетинин профессору Анварбек Мокеев баяндамасында Карыбек Молдобаевдин Кыргызстан үчүн тоо көтөргүс эмгеги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түптөлүшүнө кошкон зор салымын баса белгиледи. Айрыкча, жер маселесине байланыштуу Жал кампусунун территориясын чечүүдөгү эскерүүлөргө токтолуп, Карыбек Молдобаевдин “Манас” университетинин түптөлүшүндө терең билим, тунук акылын аябай ак кызмат өтөп кеткенин айтты.

Ал эми гумантардык факультетинин синхрондук котормо бѳлүмүнүн ага окутуучусу Мүхиттин Гүмүш Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түптѳлүп ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы чоң экенин баса белгилеп: “Карыбек агайды эскерүүчү сөздөр чынында эле көп. Мен он жыл бою чогуу иштешип, андан  кичипейил, жөнөкөй, акылдуу, билимдүү жана адилеттүү адамды гана көрө алдым”, — деди баяндамасында.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Андан кийин К.Молдобаевдин үй-бүлѳсү жана жакын туугандары Абсалбек Баялиев жана кыргыз элинин белгилүү акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин кызы Сырга Бөкөнбаева да катышып, маркумдун илим-билимге ѳзгѳчѳ маани берген мекенчил болгонун жана жаштарга ѳмүр жолу ѳрнѳк болгон адамдарды билип жүрүү керектигин айтышты.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Акырында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ийгиликтүү студенттери үчүн Карыбек Молдобаевдин неберелери тарабынан уюштурулган «Карыбек Молдобаевдин стипендиясы» алдыңкы үч студентке: гуманитардык факультетинин чыгыш тилдер бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Алина Жолчуева, коммуникация факультетинин 3-курсунан Бегайым Курманбековага жана экономика жана башкаруу факультетинин 3-курсунун студенти Кундуз Тамчыбековага тапшырылды. Аны К.Молдобаевдин кыздары менен небереси Айбек Жангазиев тапшырып, КТМУнун жетекчилигине, иш-чаранын катышуучу жана уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, бул жөрөлгө жыл сайын маркум профессор Карыбек Молдобаевдин туулган күнүндө тапшырылып келет.

 

Айзат Таласбаева,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин

ММК жана Коомчулук менен байланышуу

бѳлүмүнүн адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер