ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

  • 26.09.2019
  • 0

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында  Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы  А.Чортеков атындагы мектепте Калима Алыбаева атындагы Ресурстук борбор маркумдун  бир туугандарынын демөөрчүлүгү менен ачылды. Ресурстук борбордун жабдылышына Билим берүү жана илим министрлиги, “Айгине” маданий-изилдөө борбору да  жардамдарын аяшкан жок. Билим берүү жана илим министрлиги үч компьютер, 130 окуу китебин берсе, “Айгине” маданий-изилдөө борбору кошумча сабактарга 18 миңдик уникалдуу китептерди белек катары тапшырды.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Иш-чараны ачуудан мурда маркумдун элесине бир мүнөттүк эскерүү болду. Эскерүү аземин А.Чортеков атындагы мектептин директору Мирбек Муталипов ачып, Калима Алыбаеванын мектепке кошкон салымы, анын адамгерчилигинин бийиктигин, кесипкөйлүгүн, жамаат ичинде бүгүнкү күнгө чейин кадыр-баркынын жогору экенине токтолуп, педагогикалык жамааттын чечими менен ресурстук борборго анын атын түбөлүккө калтыруу максатында берилгенин баса белгиледи.

Андан соң ресурстук борборду ачууга келген Нарын облустук Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дүйшеев, Ат-Башы райондук администрациясынын башчысы-акими Жакыпбек Субакожоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Дөөткулов, ардагер мугалимдер, маркумдун кесиптештери, бир туугандары сөз сүйлөп, мындай жакшы жөрөлгө бүт районго жайылтылыш керек экени айтылды.

  • Бул ресурстук борборду эми жакшылап иштетип, кошумчалап, кеңейтүү керек. Биз дагы сыртта карап турбайбыз, кандай жардам керек болсо мектеп жетекчилиги кайрылгыла. Жардам бергенге даярбыз. Биз мындай жакшы жышаандарды колдоого алабыз. Керек болсо, бул жөрөлгөнү башка мектептерге да жайылтуу керек. Облустук өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан Калима эженин бир туугандарына терең ыраазычылык билдирем, — деди Ж.Дүйшеев.
  • ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Аппарат жетекчисинин сөзүн улай  райондук администрациясынын акими Жакыпбек Субакожоев: “ “Өмүр өтүп кетсе да, эл эмгектин эскерсин” дегендей, Калима эжей ушул мектепте иштеп, эмгектениптир. Аз иштесе да, саз иштептир. “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн редактору Гүлнара эже менен учурунда чогуу иштегенбиз. Ошол кезде эле эже жаңыча ой жүгүртчү.  Эми эжесинин  элесин түбөлүккө калтыруу үчүн өзүнүн жеке демилгеси менен бир туугандарды бириктирип, каражат таап, кабинетти ремонттон өткөрүп, тиешелүү эмеректер менен жабдып бергендери мактоого арзыйт. Айылдын шартында мындай борборлор аз. Колдон келишинче шарттарды өнүктүрүп, өстүрсөк, албетте, мыкты окуучулар чыгат. Өзүмдүн атыман эжелерге ырахмат айтып, ресурстук борбор элге кызмат кылат деп ишенем. Билим, тарбия алган балдар мамлекетибизди өнүктүргөн балдар-кыздардан болсун!” – деди ал.

Андан кийин ал билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы жана жаш муундарга көргөн өзгөчө камкордук мамилеси үчүн “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн редактору Гүлнара Алыбаевага Ат-Башы райондук администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Дөөткуловдун айтымында, ресурстук борбор ачылган соң мектеп эксперименталдык аянтчага кошулууга бардык мүмкүнчүлүгү бар.

— Эми мектеп эксперименталдык аянтчаны ачууга даяр. Кабелдик интернет кошулду.  Жаңылануунун үстүнөн иштеш керек. Республикалык олимпиадада орун алган, ЖРТдан алтын сертификат алгандардын мугалимдерине бир жолу сыйлык берилет. Эгерде мугалим  он миң сом алса, демек 1-, 2-, 3-орун алгандардын мугалимдерине 50 миң сом бюджеттен берилет. Мугалимдерге стимул болду. Премьер-министрдин докладында Ат-Башы районунун тургундарынын демөөрчүлүгү менен мектептер ремонттон өткөрүлүп, бала бакча курулуп  жатканы айтылды. Мына А.Чортеков мектебине Гүлнара эже бир туугандары менен кабинетти ремонттон өткөрүп, тиешелүү эмеректер менен жабдып, ресурстук борбор ачып беришти. Эми мугалимдер алгылыктуу иштерди жасайт деп ойлойм, — деди Д.Дөөткулов.

Ресурстук борбордун ачылышына келген ардагерлер, мугалимдер дагы ойлорун ортого салышты.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Жусупбек Бейшеев, А.Чортеков атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер:

  • 1970-жылдардын башында Ысык-Көлдөн келген орус тили жана адабияты мугалимдери четинен кете баштап, жергиликтүү кадрларды даярдоо жөнүндө маселе көтөрүлүп калды. Райондун айылдарында орус тили мугалимдери жокко эсе болуп калганда, Ат-Башы айылындагы  №2 Ленин атындагы мектептин эң мыкты он бүтүрүүчүсүн тандап алып, Пржевальсктеги пединститутка курска жиберип, ар бирин жетишпеген мектептерге орус тили жана адабияты мугалими кылып бекиткенбиз. Мен ал кезде районодо методист болуп иштечүмүн. Кайра аларга Пржевальск пединститутун сырттан окууга жолдомо бергенбиз. Ошол он кыздын арасынан үч кыз Терек-Суу айылындагы мектепке бөлүштүрүлгөн. Анын арасында Калима бар болчу. Калима Алыбаева иштеп калды, ушул жерден үй-бүлө күттү. 1980-жылдары Калима мыкты иштегендиктен окуу бөлүмүнүн башчылыгына  чейин көтөрүлдү. Бир топ сыйлыктарга татыды. Тилекке каршы, ооруп калып, ошол оорудан каза болгон. Ресурстук борбор Калиманын атын өчүрбөй, дайыма эскерип турууга өбөлгө түзүлдү.

Касым Турганбаев, математика мугалими:

  • Калима менен теңтуш болуп жүрдүк. Пржевальск пединститутунда дагы чогуу окудук. Калима адамгерчиликтүү, оор басырыктуу, зээндүү жакшы адам эле. Ажал деген жаш, карыга карабайт тура. Эгер азыркыга чейин иштегенинде ал сөзсүз мектептин эле эмес, райондук, облустук жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлүүчү потенциалы бар эле. Жаштарга тарбиялык мааниси чоң ресурстук борбор ачылганы баарыбызды кубанычка бөлөдү. Ак жолтой борбор болсун! Калиманын элеси элдин эсинде сакталып, окуучулар дагы ушундай эжейибиз болгон экен деп эстеп жүрүшөт.

Эркинбек Эсенбаев, мектептин физика мугалими, билим берүүнүн мыктысы:

  • Калима эжейге окуучусу дагы, кесиптеши дагы болуп калдым. 1973-жылдары ал бизге орус тили жана адабиятынан сабак берген. 1975-жылы мен окууну бүтүп, кайра 1980-жылы  чогуу иштешип калдым. 1980-жылдары ал киши окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Калима эженин сүйлөгөн сөзү орундуу, оор басырыктуу, жамаатта кадыр-баркы бийик, жаш болсо дагы алгылыктуу эле. Мен иштеген жылдары ал болгону  25 жашта эле экен. Окуучу кезимде сулуу эже келиптир деп аябай артынан түшүп, жакшы көрчү элек. Абдан кадырлуу болчу. Анын атынан ачылган  ресурстук борбордо компьютерлер коюлганы абдан жакшы болду. Буюрса заманбап сабактарды бере баштайбыз.  Мугалимдердин изденип иштегенине чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Гулина Мукашева, маркумдун эжеси:

  • Мектептин директоруна, кесиптештерине ырахмат айтабыз. Колубуздан келген жардамды бердик. Артында жалгыз туяк калды. Калимага окшош, жакшынакай Назгүл аттуу келиндүү болдук. Ал дагы мугалим. Келин кайненинин камырынан дегендей, келини дагы жакшы чыкты. Ал үч балалуу болду. Улуусу Талгат студент, Тахмина Бишкектеги эң күчтүү мектептин мыкты окуучусу. Кичинекейи Кайрат бала бакчада. Мугалимдер жакшы тарбия берип, ушул мектептен Анварбек Чортековдой мыкты инсандар чыксын!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Айдай Кубанычбекова, А.Чортеков атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Калима Алыбаеванын элесине

(кыскартылып берилди)

Моңолдордун Маметей уруусунан,

Айтылуу кыраан кыргыз уругунан.

Мукаш ата, Ажар апа сүйүүсүнөн,

Калима аттуу назик, сүйкүм кыз туулган.

Канаттууга кактырбады ата-эне,

Тумшуктууга чокутпады ата-эне.

Мээрим төгүп алаканда бөпөлөп,

Камкор болду, жакшы өстүрдү ата-эне.

Зирек эле, сүйкүм эле татына,

Мамилеси жумшак эле баарына.

Алтын, бермет, күмүш каптап койгондой,

Жан дүйнөсү жумшак эле жакшына.

Айтылуу Ат-Башымдын алкагында,

Ленин аттуу орус мектеп аркасында.

Ийгиликтүү аяктаптыр билим алып,

Зиректиги, дилгирлиги жардамында.

Жетекчилик, чоңдордун чечиминде,

Аймактарга орус тилчи аба-суудай керегинде.

Мыкты бүттүң ийгиликтүү мектепти деп,

Терек-Сууга эжебизди жиберген эле.

Жалындаган жаштык күндүн баркын сезбей,

Кабыргасы ката элегин өзү билбей.

Турмуш деген чоң кемеде чоңдор сымал,

Аралашты, сүңгүп кирди, ишин сүйдү, чарчоо билбей.

Эң кеч жатып, элден эрте тура алган,

Ойлогонун ойдогудай кыла алган.

Мектеп үчүн, окуучу үчүн жан үрөп,

Калима эже чарчабастан жүрө алган.

Көңүлдөрдөн бакчаларын ачабыз,

Көрсөкчү деп кыялдарга батабыз.

Себелеген жамгыр күткөн гүлдөрдөй,

Бүгүн сизди биз эскерип жатабыз.

Жаш өтүп кылым көчүн кубалаган,

Турмуштун калганы жок сынабаган.

Туңгуюк мезгилдерди тушап алып,

Тургуздуң өмүр жолун урабаган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер