“ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ – ЭНЕ ТИЛ”

  • 16.10.2019
  • 0

15-октябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата жаряланган “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу бир айлык декада жыйынтыкталды. Бул саамалык институттун жетекчилиги тарабынан атайын пландын негизинде ишке ашырылып, эне тилди өнүктүрүүгө багытталган бир нече иш-чаралар менен коштолду.

 “ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ – ЭНЕ ТИЛ”

Аталган бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанаты жогорку деңгээлде белгиленип, ага Улуттук тил комиссиясынын, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр жана окуу жай жамааты катышты. Мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалоого багытталган бул саамалык бир канча бөлүктөн туруп, алгач институттун борбордук аянтында окуу жайдын факультеттери, китепкана жана Жаштар комитети  тарабанын даярдалган көргөзмө уюштурулуп,  “Улуттук баалуулуктар” деген теманын алкагында улуттун унутулуп  бараткан даамдары жасалып, дасторкон үстүнө жайылды. Андан сырткары колдо тартылган сүрөттөрдүн коллекциясы коюлуп, дубал гезиттер илинди. Уулуттук каада-салттар, жөрөлгөлөр жана спорт оюндары көрсөтүлдү.

Андан соң иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү  окуу жайдын чоң актылар залында уланып, алгач окуу жайдын ректору Б.Зулуев жана КР  Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” бөлүмүнүн башчысы А.Тилекманова куттуктоо сөзгө чыгышып, жалпы жамаатты улуттун жүзү болгон Мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнү  менен кызуу куттукташты.  Ошону менен бирге  бир айлыктын алкагында уюштурулган түрдүү сынактардын, спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө, жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштурган факультеттерге, кафедраларга жана тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон окутуучуларга “Кыргыз тили” төш белгиси, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Иш-чара окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече менен коштолуп, анда  кыргыздын улуттук каада-салттарында эне тилдин колдонулушун чагылдырган  сахналык көрүнүштөр, элдик ыр-бийлер аткарылды.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер