ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ МЭЭРИМДҮҮЛҮК АКЦИЯСЫН ӨТКӨРҮШТҮ

  • 29.03.2018
  • 0

28-мартта Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин Эл аралык Медициналык колледжинин студенттери Сузак районунун Октябрское айылындагы Улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып келишти.

Алар аталган мекемеге мөмө-жемиштерди, таттуу азыктарды, азык-түлүк жана кийим-кечектерди алып барышкан. Муну менен бирге, бөлмөлөрдө жыйноо-тазалоо иштерин жүргүзүшүп, оорулууларга бир катар медициналык жана гигиеналык жардамдарын беришти. Өз алдынча баспагандарды коляскалар менен сейилдетишти. Андан кийин концерт уюштурушту. Бул тууралуу окуу жайдын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер