ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ КАРЫЛАР ҮЙҮНӨ БАРЫШТЫ
- 21.10.2019
- 0
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык медициналык колледжинин медициналык айым иши адистиги боюнча билим алып жаткан студенттери Сузак районунун Октябрьское айылындагы Карылар үйүнө барып келишти.
Студенттер карылардын төшөк-жууркандарын алмаштырып, бөлмөлөрүн жыйнап беришип, ала барган азык-түлүктөрү менен сыйлашты. Андан кийин түшкү тамактанууну уюштурушуп, чакан концерттик программасын да тартуулашты.
Бөлүшүү
Комментарийлер