ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
- 21.10.2019
- 0
Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Кыргыз Республикасынын Баатыры, кинорежиссёр, жазуучу, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган “Доор инсаны Дооронбек Садырбаевдин ишмердүүлүгү” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри М.Тагаев, Дооронбек Садырбаев атындагы фонддун төрагасы К. Садырбаев, Ноокен районунун акими Э.Маматаев, бир катар жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамы, бир нече уюм-мекемелердин жана коомдордун өкүлдөрү чакырылган. Конференцияда Дооронбек Садырбаевдин Кыргыз Республикасынын искусствосуна, маданиятына, адабиятына, коомчулугубуздун өнүгүүсүнө сиңирген эмгегине дагы бир ирет тийиштүү баа берилип, өрнөктүү өмүр баяны үлгү болгондугу баса белгиленди.