ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ  28 ЖЫЛ!  

  • 26.03.2021
  • 0

Урматтуу агай-эжекелер, кымбатуу студенттер жана бүтүрүүчүлөрүбүз!

Кесиптештерибизге жана коомчулукка маалым болгондой, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет 1993-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин №VII-100 Жарлыгы менен Жалал-Абад Кооперативдик техникумунун (1966-ж.) жана Жалал-Абад Кооперативдик училищесинин (1959-ж.) базасында жогорку окуу жай болуп түзүлгөн.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ  28 ЖЫЛ!   

Окуу жайыбыз алгач Жалал-Абад Коммерциялык институту, кийин Экономика жана ишкердик академиясы, Экономика жана ишкердик университети деп аталып келген. Андан бери 28 жыл өттү. Университетибиздин туңгуч ректору жана президенти Кантөрө Шарипович Токтомаматов болгон. Ал университетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө жеке зор салымын кошкон мыкты жетекчи, чыгаан илимпоз жана чыныгы педагог эле. ЭАУ жамааты анын эмгегин, салымын эске алып окуу жайга ысымын ыйгарган. Жалпысынан 28 жыл мурун университетибиздин ачылышына салым кошкон жетекчилерди да атап кетсек, алар Кыргыз Республикасынын ошол убактагы Президенти А.А. Акаев, вице-премьер-министри А.Э. Эркебаев, билим берүү жана илим министри А.Ч. Какеев, Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин төрагасы М. Орозбаев, Жалал-Абад областынын губернатору А.А. Тагаев, Жалал-Абад шаарынын мэри К.М. Исманов жана Жалал-Абад областтык керек-жарак коомдор биримдигинин төрагасы Т.А. Анаркулов.

Бардыгыңыздарды К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин түзүлгөн күнү, 28 жылдыгы менен куттуктап, ишиңиздерде, окууңуздарда, кесиптик келечегиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалайм!

 

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕ  28 ЖЫЛ!   ЭАУ ректору, э.и.д., проф.,

РМА академиги Сатыбалды Өмүрзаков

Бөлүшүү

Комментарийлер