Эл аралык тоо-кен форуму
- 15.10.2025
- 0
Бүгүн 15–октябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” аталышындагы Эл аралык тоо-кен форуму өтүүдө.
Форум тоо-кен тармагынын лидерлерин, инвесторлорду, илимий жана билим берүү мекемелерин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирип, төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
-тоо-кен тармагындагы алдыңкы билимдер жана илимий жетишкендиктер менен алмашуу;
-инновациялык чечимдерди жана технологияларды эл аралык аянтчада сунуштоо;
-тармактагы учурдагы тенденциялар, санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү маселелерин талкуулоо;
-жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана биргелешкен илимий-практикалык долбоорлорду издөө.
Форумдун илимий секциясы төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
-Теңир-Тоо жана коңшу аймактардын геологиясы жана металлогениясы;
-тоо-кен өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсү жана экологиялык көзөмөл;
-инженердик билим берүүнүн трансформациясы жана тоо-кен тармагына адистерди даярдоо;
-жер алдындагы сууларды башкаруу жана суу кризистерин алдын алуу;
-тоо-кен өндүрүшүндө маркшейдердик жана геодезиялык иштерди санариптештирүү.
Форумдун программасында:
министрлердин, компаниялардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусундагы пленардык жыйындар;
тематикалык илимий жана тармактык сессиялар;
B2B-көргөзмө жана алдын ала уюштурулган ишкердик жолугушуулар.
И. Раззаков атындагы КМТУ илимдин, бизнестин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматташуусу үчүн негизги платформа болуп, инновациялык технологияларды киргизүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык комплексинин илимий-изилдөө базасын өнүктүрүүгө салым кошууда.

























Комментарийлер