ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА “СЕЙТЕК” БИРИНЧИ
- 06.04.2023
- 0
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун элдик, үлгүлүү бий ансамблдери “Ак-Ниет”, “Дилгир” эл аралык сынакка катышып, баш байгени жеңип келишти.
Маалыматка ылайык, “Ак-Ниет” ансамблинин улук тобу Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Firework of Stars» Х эл аралык искусство сынагына катышып, баш байгени жана 1-орунду жеңип алышты. Ал эми «Дилгир» бийинин элдик ансамбли Алматыдагы «Оба» 10-эл аралык искусство сынагына катышып, 1-орунду камсыздашты.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер