ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДА

  • 22.04.2026
  • 0

Швейцарияда өткөн Эл аралык спорт журналисттер ассоцациясынын (AIPS) 88-конгресс  10-апрелде  Цюрих шаарындагы ФИФАнын штаб-квартирасына таанып-билүү сапары менен башталды.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАФутбол боюнча дүйнө чемпионатынын башталышына 62 күн калганда, AIPSтин президенти Джанни Мерло баштаган 200гө жакын делегат Цюрих шаарындагы ФИФАнын баш кеңсесине бардык.  Спорт журналисттери быйыл жайында үч өлкөдө (АКШ, Мексика жана Канада) өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын медиа маселелери жана дүйнөлүк футболду башкарган уюмдун негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты.

ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Түркиядан жолдогон видео кайрылуусунда 100дөн ашуун өлкөдөн келген журналисттерди “ФИФАнын үйүнө” жылуу тосуп алып, өзү катыша албаганы үчүн кечирим сурады. Ал спорт журналисттеринин эмгегин жогору баалап:
«Сиздер футболго болгон сүйүүнү дүйнөнүн ар бир бурчуна жеткирип жатасыздар» — деп белгиледи.

Сапардын соңунда AIPS делегациясы ФИФАнын башкы катчысы Маттиас Графстрём менен жолугуп, суроолорго жооп алышты.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАМедиа — негизги күч

ФИФАнын медиа байланыштар боюнча директору Брайан Суонсон журналисттердин ролу өтө маанилүү экенин белгилеп, уюм медианы ар дайым урматтай турганын айтты:
«Биз сиздердин ишиңиздерди түшүнөбүз жана колдойбуз. Бизге кереги — калыс жана тең салмактуу маалымат», — деди ал.

Футбол – дүйнөнү бириктирет

ФИФА өкүлү Хани Тальджие уюмдун тарыхы, түзүмү жана глобалдык максаттары тууралуу кеңири айтып берди. Анын айтымында, ФИФАнын негизги миссиясы — футболду дүйнө жүзүндө чыныгы глобалдык спортко айландыруу. Бул максатта 211 улуттук ассоциация менен тыгыз иш алып барылып, “FIFA Forward” программасы аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДА2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана медиа

ФИФАнын кызматкери Иван Паскуариелло 2026-жылкы чемпионат медиа үчүн чоң мүмкүнчүлүк болорун белгиледи. Турнирди 5000ге жакын журналист чагылдырмакчы.

Ал жаңы медиа шарттар, экологиялык чечимдер жана журналисттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле FIFA Media Hub тиркемесин колдонуу маанилүү экенин баса белгиледи. Спорт журналисттери эки командага бөлүнүп, футбол ойноду.

AIPS Media Awards 2025

Лозанна шаарындагы Олимпиада музейинде спорт журналистикасынын эң мыкты өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул жылкы конкурска 130 өлкөдөн 1987 материал сунушталып, эң мыктылары тандалды.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАAIPS президенти Джанни Мерло:
«Сапаттуу журналистика ар дайым жеңет», — деп белгиледи.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Кирсти Ковентри да спорт журналисттеринин дүйнөлүк спортту жайылтуудагы ролун жогору баалады.

УЕФАдагы талкуулар: технология жана медицина

11-апрелде Ньон шаарындагы  УЕФАнын штаб-квартирасында өткөн жолугушууда VAR технологиясынын ролу, медициналык мифтер жана журналистиканын жоопкерчилиги талкууланды.

УЕФАнын калыстар тобунун жетекчиси Роберто Россетти VAR системасы каталарды кыйла азайтарын айтып, «Футбол идеалдуу эмес болгону үчүн кызыктуу» — деди.

«Калыс болуу өтө оор жумуш, бирок VAR бөлмөсүндө болуу андан да кыйын» деди ал. VAR кантип иштээрин жана эмне үчүн каталарды азайтууда натыйжалуу экенин түшүндүрдү.  Ал келтирген статистикага ылайык, VAR жок ар бир калыс 2-4 матчта бир ката кетирсе, VAR менен 16 беттеште бир ката кетирет. AIPS делегаттары VAR технологиясын колдонуу менен машыгууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми УЕФАнын башкы дарыгери Зоран Бахтияревич футболго байланыштуу медициналык жаңылыш түшүнүктөрдү четке кагып, биринчи жардам көрсөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Спорт бизнесинин эволюциясы

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАЭл аралык олимпиада комитетинин маркетинг боюнча мурдагы директору жана Олимпиада оюндарынын коммерциялык моделин өзгөртүүдө пионер болгон Майкл Пейн спорттун чакан индустриядан триллиондогон каражат топтоп бизнеске айланышы тууралуу айтып, келечекте технология спорт дүйнөсүн түп-тамырынан өзгөртөрүн кеңири баяндап берди.

Ал «Кыска жолдор жана көмүскө келишимдер: Спорт кантип бизнеске жана бизнес спортко айланды» китебинин автору. Бул 600 беттен турган автобиографиялык китебинде олимпиада кыймылындагы бизнес ишмердүүлүк тууралуу кеңири айтып берди.

Пэйн өзүнүн презентациясын алдыдагы элүү жылга бир нече ойлондурарлык божомолдор менен аяктап, технологиялык ылдамдыктын шартында спорт дүйнөсү кескин өзгөрүүлөргө дуушар болорун да белгиледи.

AIPS АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАЙРА ШАЙЛАНДЫ

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАПРЕЗИДЕНТ-Джанни Мерло (Италия),

БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТ-Эвелин Ватта (Кения)

ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТТЕР:Гао Чао (Кытай), Эрнесто Ортис Гомес (Уругвай), Михал Дусик (Чех Республикасы), Мааржа Вярв (Эстония)

ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТТЕР КЫЗМАТЫ БОЮНЧА: Абдулае Тиам — AIPS Aфриканын президенти, Карлос Хулио Кастелланос — AIPS Американын президенти, Хи Донг Чжон — AIPS Азиянын президенти, Марк Вентуяк — AIPS Европа президенти

КАЗЫНАЧЫ: Мануэл Кейруш (Португалия)

АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН МҮЧӨЛӨРҮ:Хироки Шода (Япония), Адель Альзахрани (Сауд Аравиясы), Морад Мутаваккил (Марокко), Руди Нуйенс (Бельгия), Предраг Милинкович (Сербия), Жоже Зидар (Словения), Ахмед Аль-Кааби (Оман), Сабанайкан Сельвакумарасвами (Индия), Каталин Тепелин (Румыния), Фернандо Нюрнберг Замбрана (Боливия), Йозеф Лангер (Австрия), Мохамед Олд Эль Хасан (Мавритания)

Юра Озмец (Хорватия) 2026–2030-жылдарга AIPSтин башкы катчысы болуп дайындалды. Ошондой эле уставга өзгөртүү киргизилип, президенттик мөөнөт 3 жолу менен чектелди.

Волейбол — бириктирүүчү күч

Конгресстин делегаттары Лозанна шаарындагы Эл аралык Волейбол федерациясынын офисине барып, бул уюмдун ишмердиги менен таанышты.  Жолугушууда федерациянын президенти Фабио Азеведо бул спорттун социалдык маанисин баса белгиледи: -Волейбол — командалык иштин символу. Бул оюнда гендердик теңчилик камсыздалган.Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 800 миллионго жакын адам волейбол ойнойт. Максат 2032-жылга чейин 1,6 миллиардга жетүү, бирок оюнчулардын санын көбөйтүүдөн тышкары, дүйнөгө салым кошо турган глобалдык кыймылды түзүү. Волейбол спорттун бир түрү эмес; бул билимдин, шыктануунун жана биримдиктин куралы. Бул мелдештерде жеңишке жетишүү эмес, жашоодо чогуу ойногонду үйрөнүү. Бул спорт адамдарды бириктирип, жаңы муунду шыктандырат, -деди.

Гимнастиканын жаңы доору

Конгресстин делегаттары Дүйнөлүк гимнастика федерациясынын офисинде болуп, бул спорттун өнүгүшү жана көйгөйлөрү тууралуу кеңири маалымат алышты. Дүйнөлүк гимнастика федерациясы  ребрендинг жасап, “гимнастика – баары үчүн” деген концепцияны алдыга жылдырууда. Жаңы форматтар, технологиялар жана коопсуздук чаралары киргизилип жатканы тууралуу кеңири баяндамалар болду.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАОлимпиадалык үй – туруктуулуктун символу

Лозаннадагы Эл аралык  Олимпиада Комитеттин  Олимпиадалык үйү дүйнөдөгү эң экологиялык имараттардын бири катары AIPS делегаттарын кабыл алды. Бул жерде Олимпиадалык кыймылдын баалуулуктары жана келечеги тууралуу ачык талкуулар өттү.

AIPS Конгресси 2027 – Эфиопияда

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАКийинки конгресс Аддис-Абебада өтөт. Бул чечим Эфиопиянын спорт дүйнөсүндөгү ордун бекемдөөгө чоң кадам болуп саналат.

AIPS президенти Джанни Мерло: «Бул чоң жана маанилүү жыйын болот. Биз журналистиканын келечегин талкуулайбыз», — деп билдирди.

Спорт журналистикасы: чындыкпы же жоопкерчиликпи?

Лозаннадагы AIPSтин 88-конгресси бир нерсени так көрсөттү: бүгүн спорт жөн гана оюн эмес — бул саясат, бизнес, технология жана идеологиянын айкашкан чоң дүйнөсү. Ал эми ошол дүйнөнүн күзгүсү — спорт журналистикасы.

Цюрихтеги ФИФАнын баш кеңсесинен башталган талкуулар бир суроону кабыргасынан койду: медиа чындыкты айтып жатабы, же системанын бир бөлүгүнө айланып баратабы?

ФИФА медиадан “калыстыкты” талап кылууда. Бирок калыстык деген эмне? Расмий маалыматты кайталай берүүбү же чындыкты терең казып чыгуубу? Дал ушул жерде журналистиканын чыныгы миссиясы башталат.

2026-жылкы дүйнө чемпионаты — рекорддордун турнири болору айтылууда. 48 команда, үч өлкө, миңдеген журналисттер. Бирок чоң масштаб — чоң жоопкерчиликти талап кылат. Медиа бул оюнду жөн гана чагылдырбайт, ал аны түшүндүрөт, баалайт, керек болсо сынга алат.

ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДАУЕФАдагы талкуулар дагы бир маанилүү чындыкты ачты: технология футболду өзгөрттү, бирок аны толук идеалдуу кыла алган жок. VAR каталарды азайтты, бирок талаш-тартыштарды жок кыла алган жок. Демек, адам фактору — футболдун жүрөгү, кан тамыры бойдон калууда.

Медицина боюнча айтылган мифтер да коом канчалык оңой адашаарын көрсөттү. Бул жерде дагы журналисттин ролу — маалыматты жайылтуу эмес, аны текшерүү болуп саналат.

Ал эми спорт бизнеси? Ал эми ал эбак эле оюндан ашып кеткен. Майкл Пейн айткандай, спорт — триллиондогон долларлык индустрияга айланды. Демек, бул жерде акча, кызыкчылык жана таасир бар. Ал эми бул шартта чындыкты сактап калуу — журналист үчүн эң чоң сыноо.

Бирок конгресс дагы бир үмүттү жандырып турат: спорт дагы эле адамдарды бириктире алат. Конгресс учурундагы жолугушуулар, футбол, волейбол, гимнастика, Олимпиадалык кыймылы, Олимп музейи — баары бир идеяны айтып жатат: спорт — бул улуу мурас,  баалуулук, таалим-тарбия, келечек.

Суроо бирөө гана:
Биз спортту чагылдырган журналистиканы сактап калабызбы, же ал да чоң системанын үнүнө айланып кетебизби? Жооп — ар бир журналисттин абийиринде.

AIPSтин 88-конгресси дүйнөлүк спорт журналистикасынын өнүгүүсүнө, технологиянын ролуна, медиа жоопкерчилигине жана спорттун бириктирүүчү күчүнө арналган маанилүү аянтча болду. Бул жыйын спорт — жөн гана атаандаштык эмес, ал адамзатты бириктирген чоң күч экенин дагы бир жолу далилдеди.

9-апрелден 14-апрелге чейин Швейцария өлкөсүндө өткөн AIPSтин отчеттук-кайра шайлоо Конгрессине Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбеков менен  башкы катчы Кабыл Макешов катышып, таасир алып келишти.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер