Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

  • 13.11.2026

Бүгүн Бишкек шаарындагы «Jannat Resort»  комплексинде «Алтын Казык» программасына арналган эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүп жатат. Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Иш-чараны Агартуу министрлиги жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту уюштурду.

Симпозиумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркиядан билим берүү тармагынын өкүлдөрү келди . Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Бүгүнкү эл аралык иш чарада өлкөнүн билим берүү системасын жаңылоо, улуттук баалуулуктарды билим берүү менен айкалыштыруу, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү талкууланууда. Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Казакстандан келген Бекиш Азамат Абилкай уулу коңшу өлкөдө да билим берүү тармагында олуттуу трансформация жүрүп жатканын белгиледи.  Анын айтымында, реформалардын алкагында мугалимдердин менталдык саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн атайын пилоттук кабинеттер ачылууда. Ошондой эле ал бүгүнкү күндүн мугалими жөн гана билим берүүчү эмес, ошол эле учурда эксперт, чебер жана модератор болушу керектигин айтты.

Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Тажикстандан келген конок Мирзозода Навруз эки өлкөнүн лидерлеринин акылман жана көрөгөч саясатынын натыйжасында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана кызматташтык байланыштар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, улам бекемделип жатканын белгиледи. Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Өзбекстандан келген конок Хакимова Дилдорахон билим берүү тармагындагы бардык өзгөрүүлөр мугалимден башталарын белгиледи. Анын айтымында, кандай гана реформа болбосун, анын ийгиликтүү ишке ашышы мугалимдин даярдыгына, кесиптик мүмкүнчүлүгүнө жана колдоого ээ болушуна түздөн-түз байланыштуу.

Ошол эле учурда мугалим көп учурда өз көйгөйлөрү менен жалгыз калып жатканын белгилеген конок педагогдордун бакубаттуулугуна, психологиялык абалына жана кесиптик колдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

«Ментор — бул кесиптештери ишеним арткан адам», — деген Хакимова Дилдорахон насаатчылыктын маанисине токтолду. Анын пикиринде, мугалимди колдоо, тажрыйба бөлүшүү жана ишенимдүү кесиптик чөйрө түзүү билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдүн маанилүү шарты болуп саналат.

Түркиядан келген спикер боордош мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөргө токтолуп, мугалимдерди даярдоо жана алардын кесиптик өнүгүүсү тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Түркияда мугалим болуу үчүн төрт жылдык жогорку билим алгандан кийин дагы атайын тест тапшыруу талап кылынат. Тесттен ийгиликтүү өткөндөр гана мугалим болуп иштөө укугуна ээ болушат.

Ошондой эле Түркияда мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусуна шарт түзгөн «Устат» платформасы иштейт. Бул жагынан алганда, алардын тажрыйбасы Кыргызстандагы ушундай багыттагы демилгелерге үндөш.

Спикер билим берүүнүн башкы максаты катары алган билимин турмушта колдоно билген, заманбап талаптарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү окуучуларды тарбиялап чыгарууну белгиледи.

Эл аралык симпозиум: билим берүү системасын өзгөртүү жана баалуулуктар

Иш-чарага мугалимдер, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар, усулчулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышып жатат.

А.К. «КБ»

Бөлүшүү