ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШКЕН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ 

  • 27.08.2021
  • 0

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШКЕН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  окуучуларга эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери жана маанилүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Окуучуларга Президент Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык катын бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев тапшырды.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи.

-Кыргызстандын окуучулары дүйнөлүк билим берүү аренасында өлкөбүздү таанытып жатканы кубандырат,- деди ал. Ошондой эле  Чолпонбек Абыкеев Мамлекет башчысынын жана жеке өзүнүн атынан  билим алууда конкреттүү жыйынтыктарга жетишип жаткан окуучуларга жана алардын окутуучуларына ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик катчы  окуучуларга жаңы жетишкендиктерди жана бардык жакшылыктарды каалап,   Президент Садыр Жапаровдун атынан эстеликке белектерди тапшырды.

(М.К.)

Сыйлык алган окуучулардын тизмеси:

-Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Айдаров Артур Урматбекович

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Ажыбаев Бактынур Санжарбекович;

— Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу Бейшекеев Данияр Сталбекович;

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Беккоенов Тенгиз Тынычбекович;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Давлетов Ислам Алишерович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Корнияш Федор Максимович;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Мамбетов Камил Болотбекович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Ондрина Надежда Павловна;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Айтиев Мунарбек Наралиевич;

— “Газпром Кыргызстан мектеби” коммерциялык эмес коомдук фонд уюмунун мугалими Ишматов Махамадхан Юсупжанович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин мугалими Лантухова Наталья Валентиновна;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Тажибаев Эльбрус Керимбекович;

— “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин информатика боюнча олимпиада борборунун координатору Урайымов Кылычбек Адылжанович.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер