ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ — НАЗАР КЫРГЫЗБАЕВ

  • 22.07.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги каржылап Улуу Британияда өткөн эл аралык математикалык олимпиадага жөнөткөн таланттуу окуучулар  командалык зачетто 108 мамлекеттен Кыргызстан 29-орунду ээледи. 

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ - НАЗАР КЫРГЫЗБАЕВ

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ - НАЗАР КЫРГЫЗБАЕВ

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН МЕДАЛДЫН ЭЭСИ - НАЗАР КЫРГЫЗБАЕВ

Мыкты машыктыруучу Мамат Ишматовдун маалыматына таянсак, бир алтын, үч күмүш жана эки ардактуу грамотага татыктуу болушту. Т.а., борбор калаабыздагы №61 мектептен барган Назар Кыргызбаев 29 балл алып, алтын медалга татыктуу болсо, Газпром Кыргызстандан барган Ян Бобрус 24 балл менен күмүш медалга, Элдар Искедеров 23 балл алып, күмүш медалга жана “Сапат” ББМнин окуучусу Искен Кенжебаев 22 балл менен күмүш медалдын ээлери болушту. Ал эми Нурсултан Эшперов 13 балл, Султан Мусаходжаев 11 балл менен ардактуу грамотаны камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 1993-жылдан бери (32 жолу) дүйнөлүк математика боюнча олимпиадада катышып, жалпысынан 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 57 ардак грамотасын алып, спортчулардан кем эмес Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келатат таланттуу окуучуларыбыз.
Быйылкы 2024-жылкы олимпиадада Улуу Британияда  өткөн олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинин алдыңкы үчөө АКШ, Кытай, Түштүк Корея болсо, Финляндия 36, Казакстан 43, Малайзия 44, Эстония 47, Швейцария 50, Индия 51, Өзбекстан 61, Сауд Арабиясы 63-орунду ээледи.
Бул ийгиликтерге жеткирген машыктыруучу мугалимдер М.Ишматов менен А.Аскаров. Куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер