ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: КӨЭАУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ

  • 20.10.2026

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин окутуучулары  17–18-октябрь күндөрү Ташкент шаарындагы Вебстер университетинде өткөн TESOL-2026 эл аралык конференциясына катышып келишти. Иш-чара чет тилдерин окутуунун заманбап тенденцияларын, инновациялык педагогикалык ыкмаларды жана билим берүүдө жасалма интеллектти натыйжалуу колдонуу маселелерин талкуулоого багытталды. ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: КӨЭАУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ

Конференциянын алкагында факультеттин деканы, доцент Ж. Каденова илимий баяндама жасады. Ал эми англис филологиясы кафедрасынын окутуучулары Т. Пазилова, А. Абакулов, Ж. Эгамкулов жана Кыдыралы кызы Курбанжан постердик презентация форматында илимий-усулдук тажрыйбалары менен бөлүшүштү. ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: КӨЭАУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ

Конференцияга катышып келген окутуучулардын айтымында, мындай эл аралык иш-чара алардын илимий потенциалын жогорулатуу менен катар, алган заманбап тажрыйбаларын окуу процессине киргизүүгө чоң өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү