ЭЛ АРАЛЫК КЫШКЫ МЕКТЕПКЕ ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАТЫШУУДА

  • 23.01.2018
  • 0

ЭЛ АРАЛЫК КЫШКЫ МЕКТЕПКЕ ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАТЫШУУДА

Ош мамлекеттик университетинин 31студенти жана 4 магистранты Казакстандын Улуттук агрардык университетинде өтүп жаткан “Эл аралык  кышкы мектеп-2018ге” катышууда.

“22-январь күнү башталган эл аралык  кышкы мектептин ачылуу аземинде Улуттук агрардык университетинин ректору,  академик Тлектес Есполов жалпы катышуучуларды кызуу куттуктап, кышкы мектепти уюштуруудагы негизги максат академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттердин, магистранттардын, докторанттардын практикалык көндүмдөрүн арттырып, жаңы инновациялык технологияларды, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жаңы усулдарды калыптандыруу болуп саналарын белгиледи.

Учурда Эл аралык кышкы мектептин  негизги багыттары болгон “Суу ресурстарын башкаруу”, “Жашыл экономика”, “Инновациялык технологиялар жана айыл-чарбасындагы техникалык каражаттар”, “Жаратылыш ресурстарын пайдалануу”, “Өсүмдүктөрдү өстүрүүдөгү агроинновация”, “Ветеринария”, “Мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу” темаларында  лекция, мастер-класс, тренинг, тегерек столдор башталды. Биздин студенттер, магистранттар активдүү катышууда”, -деди студенттерди жетектеп барган ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Ошондой эле  сапардын алкагында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов Казакстандын Улуттук агрардык университетинин проректору, э.и.к., профессор Канат Тиреуов менен жолугушуп, биргелешкен кызматташтыктар боюнча пикир алышкандыгын кошумчалады

Белгилей кетсек, аталган эл аралык кышкы мектеп 3-февралга чейин улантылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер