ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

  • 11.03.2021
  • 0

Эл аралык Кувейт университетинде белгилүү акын, Токтогул атындагы  мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эсенгул Ибраевдин чыгармачылык мурасын  окуп үйрөнүү жумалыгы салтанаттуу  түрдө башталды. Жумалыктын ачылышына  Кыргызстандын жана Кувейттин  көрүнүктүү  окумуштуулары илимий,чыгармачыл  ишмерлер жана жазуучунун өмүрлүк жары, акындын ысымындагы Фондунун жетекчиси Саткын Абдрахманова дагы катышышты.

Салтанаттын жүрүшүндө  белгилүү акын  кыргыз адабиятына жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу белгиленди. Ал 20дан ашуун  чыгармалар жыйнагынын автору. Коомдук  ишмер катары  Ата Түрк илимий-маданий борборунун ардактуу академиги, автордук укук боюнча Швейцариядагы  коомдун мүчөсү  болгон.  Акыркы жылдары  билимин жана бай тажрыйбасын Эл аралык Кувейт университетинин студенттерине бере баштаган. Университеттин журналистика кафедрасы учурда  Эсенгул Ибраевдин ысымын алып жүргөнү кокусунан эмес. Ошону менен бирге  Эл акындын, Кыргызстан маданиятына эмгек сиӊирген ишмердин  чыгармачылыгын окуп үйрөнүү жумалыгы  студенттер менен окуучуларды   руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоого багытталып, өлкө Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ишке ашырууга кошкон салым болуп калаары баса белгиленди.

Атактуу акындын, сатириктин, журналисттин жана котормочунун талантына жана чыгармачылыган таазим этип, жумалыктын  алкагында  МКУда поэзия кечелери, чыгармачыл интеллигенция менен  жолугушууларды өткөрүү болжолдонду. Андан тышкары акындын Музейинин күнүн өткөрүү каралган. Музей университеттин өзүндө ачылган, анда 1500 ашуун тарыхий экспонаттар жана фотосүрөттөр  сакталуу. Эми студенттер менен окуучулар  жазуучунун  турмуш жолу жана чыгармачылыгы менен жакындан тааныша алышат.

-Эсенгул Ибраев  кыргыз элине зор чыгармачыл мурас калтырып кетти. Биздин  милдетибиз – ошол кенчти терең изилдеп, акындын жана сатириктин көп кырдуу  талантын ар тараптан ачып берүү,-дейт МКУнун ректору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер