ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ АЛГАЧКЫ АСПИРАНТТАРДЫ ДАЯРДАП ЧЫГАРДЫ

  • 11.05.2021
  • 0

Эл аралык Кувейт университетинде алгачкы аспиранттарга аспирантураны аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ АЛГАЧКЫ АСПИРАНТТАРДЫ ДАЯРДАП ЧЫГАРДЫ

Салтанатта белгиленгендей, бардык аспиранттар жумушка орношкон жана жетектөөчү адис катары республикабыздын билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында эмгектенүүдө.

– Бүгүн биздин окуу жайыбыздын тарыхындагы абдан урунттуу күн. Биз алгачкы аспиранттарды уядан учуруп жатабыз. Алгачкы карлыгачтарыбыздын келечеги кең, иштери ийгиликтүү болсун. Тез арада кандидаттык диссертацияларын жактап, окумуштуулук даражага жетишет, илимий идеяларын жана чыгармачылык ойлорун ишке ашырат деп үмүттөнөбүз, — деп билдирди ЭКУнун ректору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев.

ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ АЛГАЧКЫ АСПИРАНТТАРДЫ ДАЯРДАП ЧЫГАРДЫ

Ал эми аспирантуранын  бүтүрүүчүсү Лунара Мамытова төмөнкүлөргө токтолду:

-Албетте, бизди тарбиялап чыгарган жетекчилерибизге, окутуучуларыбызга жана профессорлорго абдан ыраазыбыз. Ошону менен бирге университетте аспиранттарды даярдоодо коррупция жок экендигин баса белгилегибиз келет. Мына ушул жакшы саамалык өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларында колдоого алынышына тилектешпиз.

Белгилей кетсек, университеттин аспирантурасынын тушоосу 2018-жылы кесилген. Өткөн үч жылдын аралыгында 6 багыт боюнча 42 аспирант кабыл алынган. Анын 22и педагогика, информатика жана табыгий предметтер кафедрасына, 20 аспирант лингвистика жана социалдык-гуманитардык предметтер кафедрасына бекитилген. Аспиранттардын арасында 7 – Казакстандын жарандары.

Бөлүшүү

Комментарийлер