Эл аралык конференция
- 14.05.2025
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралыкуниверситети менен RSAI Эл аралык илимий ассоциациясы биргелешип уюштурган «Борбордук Азияда туруктуу регионалдык өнүгүү боюнча үчүнчү Эл аралык конференция» аталышындагы конференция 12-13-майда болуп өттү.
Эки күнгө созулган эл аралык конференциянын жүрүшүндө туруктуу өнүгүү, аймактарды өнүктүрүүнүн теориясы жана практикасына, шаардык жана регионалдык өнүгүүгө, институттардын өнүгүүсүнө, туруктуу өнүгүүнүн мыйзамдык базасына, экономикалык географияга, регионалдык саясатты анализдөөгө, экономикалык теорияга, мейкиндик экономика жана пландаштырууга, экологиялык жана климаттык анализге, транспорттук тармактарга, мейкиндик маалыматтарды анализдөөгө, Борбордук Азиянын экономикасынын жана каржы багытынын өнүгүүсүнө, Борбордук Азиядагы технологиянын өнүгүү багытына, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн социалдык-гуманитардык билимди жана педагогиканы өнүктүрүүгө, Борбордук Азия аймагында медицинанын өнүгүшүнө байланышкан салмактуу баяндамалар жасалды.
Мындан тышкары, Scopus базасында индекстелген илимий журналдын талабына ылайык илимий макала жазуу боюнча атайын семинар уюштурулду.
Иш-чарада мыкты деп табылган илимий макалаларды Scopus базасында индекстелген журналдарга жарыялоо сунушталып, конференциянын катышуучуларына сертификат тапшыруу менен жыйынтыкталды.
Комментарийлер