ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КМКТАУнун РЕКТОРУНУН КУТТУКТООСУ  

  • 29.09.2020
  • 0

«Урматтуу биздин насаатчылар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КМКТАУнун РЕКТОРУНУН КУТТУКТООСУ  

Жыл сайын, биз ардагерлерибизди жана пенсионерлерибизди университетибизде тосуп алып, маектешип, тажрыйба алмашып, алардын кеп-кеңештерин угуп, алардан ак бата  алган салтыбыз бар эле. Тилекке каршы, пандемия биздин көнүмүш жашообузга өзгөртүүлөрдү киргизди. Андыктан биз бардыгыбыз бирге санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен гана өз ден соолугубузга кам көрө алабыз.

Урматтуу ак сакалдар, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан ыраазычылык билдирүүгө уруксаат этиңиздер. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында биз КР алдыңкы  университетинде эмгектенүүдөбүз. Сиздер бүгүнкү күндө да коомдук жашоодо өз активдүүлүктөрүңүздөр менен жаштарды тарбиялоодо  салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, жакындарыңыздарга бакубат жашоо каалайм

 

        Терең урматтоо менен —  КМКТАУнун ректору,

 т.и.д., проф А.А.Абдыкалыков

ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА КМКТАУнун РЕКТОРУНУН КУТТУКТООСУ  

 

P.S. Университеттин администрациясы тарабынан учурда эмгектенип жаткан пенсионерлерге акчалай сыйлык берилет,  ал эми  иштебеген пенсионерлерге профком тарабынан материалдык жардам көрсөтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер