ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 17.02.2023
  • 0

16-февралда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин  кесиптик колледжинде 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык иш чара болуп өттү.

ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Көп тилдүүлүктү чагылдырган иш чарага аталган окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов, кесиптик колледжинин директору Чолпон Абдулааева катышып, эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн негизги максатына токтолду. Улуттун мамлекет болуп сакталышына эне тили өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ошондой эле дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун жасаган эмгектерине кеңири токтолду. Студенттер ар улуттун эне тилин даңктаган көркөм окууларды айтып, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты.

Эскерте кетсек, окуу жайда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата бир айлык план бекитилип, улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө жана Кыргызстанда жашаган улуттардын эне тилин, маданиятын жайылтууга багытталган иш чаралар өтүүдө.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер