ЭЛ АРАЛЫК АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: ОШТУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

  • 20.10.2026

11–18-октябрь күндөрү Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Жанышович Турсунбаев Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясында өткөн эл аралык академиялык иш-чараларга катышып келди. ЭЛ АРАЛЫК АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: ОШТУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

Сапардын жүрүшүндө 13–15-октябрь күндөрү Харбин технологиялык институтунда өткөн эл аралык жолугушууда өнөр жай технологиялары, студенттердин илимий жетишкендиктери жана университеттер аралык академиялык алмашууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ал эми 16–18-октябрь күндөрү Ичунь шаарында уюштурулган семинарда жогорку билим берүүнү өнүктүрүү, адистерди даярдоо жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо маселелери каралды. Иш-чаралардын алкагында эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүү, илимий тажрыйба алмашуу жана жогорку окуу жайлардын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. ЭЛ АРАЛЫК АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК: ОШТУНУН РЕКТОРУ КЫТАЙДА

ОшТУнун ректорунун бул иш-чараларга катышуусу университеттин эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү, билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарын чыңдоо, ошондой эле студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы академиялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү