эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымы мектепке ыйгарылды

  • 24.10.2024
  • 0
Бишкек шаарындагы Октябрь районунун № 100 Жалпы билим берүү орто мектебине Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымын ыйгаруу аземи болуп өттү.
эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымы мектепке ыйгарылды
Иш чарага Октябрь районунун акиминин орун басары Жаныкеева Чынара Догдурбековна, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Байгулов Нурлан Өмүрбекович, Б.Сарногоевдин уулу Бактыяр Сарногоев, акын, жазуучу Анатай Өмүрканов, Академик, коомдук ишмер Бөрүбаев Алтай Асылканович, ишкер Аскар Молдобаев жана  бир катар мектеп директорлору катышты.
эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымы мектепке ыйгарылды
Эл акыны Байдылда Сарногоевдин баскан жолу тууралуу маалымат берилип, акындын замандаштары эскерди. Уулу Бактыяр Сарногоев атасынын ысымы № 100 ЖББОМ на ыйгарылып жатканына бир чети кубанып, сыймыктанса, бир чети бул билим ордосу үчүн чоң жоопкерчилик экендигин белгиледи.
Ысым ыйгаруу иш чарасы окуучулардын акындын ыр саптарын көркөм окуусу, акындын обондуу ырларын аткаруу менен концерттик программа менен коштолду.
эл акыны Байдылда Сарногоевдин ысымы мектепке ыйгарылды
Бөлүшүү

Комментарийлер