ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ТУУРАЛУУ ДАРС ОКУЛДУ

  • 29.10.2024
  • 0

28-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте дарс уюштурду.  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Жаштардын интернет аркылуу радикалдашуусу жана тыюу салынган уюмдар тарабынан азгырылышы”, “Билим берүү чөйрөсүндөгү деструктивдүү таасирин алдын алуу” деген темаларда өткөрүлдү.

ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ТУУРАЛУУ ДАРС ОКУЛДУ

Дарсчылар билим берүү чөйрөсүндөгү деструктивдүү таасирди алдын алуу, экстремизмге жана интернеттеги радикалдуу топторго каршы аракеттенүү, экстремисттик ишке тартуудан жана азгыруудан коргоо, маалыматтык коопсуздук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча мамлекеттик программалар тууралуу айтып беришти.

ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ТУУРАЛУУ ДАРС ОКУЛДУ

Студенттер үгүт максатындагы бурмаланган маалыматтан анык маалыматты кантип айырмалоо керектигин билип алышты жана эксперттерге суроолорду узатышты.

ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ТУУРАЛУУ ДАРС ОКУЛДУ

Бөлүшүү

Комментарийлер