ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК ПРОГРАММАДА КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР ДЭЭРЛИК 100% ЖАҢЫЛАНДЫ

  • 13.10.2020
  • 0

Орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңылоонун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан бир катар эксперименталдык билим берүү программалары иштелип чыкты.

Жаңы билим берүү программалары атайын жүргүзүлгөн улуттук жана регионалдык эмгек рынокторун изилдөөлөрдүн алкагында тандалып алынган артыкчылыктуу адистиктер боюнча иштелип чыгууда.

Иштелип чыккандан кийин эксперименталдык окуу программалары Бишкек шаарынын жана республиканын региондорундагы колледждердин базасында түзүлүп жаткан алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилоттолууда.

“Тигилүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы” адистиги үчүн пилоттук окуу планы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде апробацияланууда.

Анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинин “Технология” циклинин башчысы Дилорам Хажимаматова айтып берди.

“Жаңы программанын ар бир модулу курстук долбоор менен коштолот. Жаңы компетенциялар киргизилди – эскиздерди, моделдерди түзүү, конструкциялоо, технологиялык ырааттуулук, эмгекти бөлүштүрүү. Буга чейин окутуу процессинде мындай болгон эмес, типтүү программа боюнча студент окуу курсунан өткөндөн кийин керектүү компетенцияларды өздөштүргөн. Эми студент дипломдук долбоорду жазбайт, анткени окуу процессинде керектүү көндүмдөргө ээ болот жана аларды модулдун жыйынтыгы боюнча педагогго көрсөтө алат.

Окутуунун аягында студент өндүрүштө эмгекти бөлүштүрүүнү уюштуруу көндүмүн да өздөштүрөт. Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында заманбап окуу-өндүрүштүк комплекс түзүлөт, анда студенттер тигилүүчү буюмдарды даярдоонун толук өндүрүштүк процессин, эскиздерди түзүүдөн баштап рыноктогу сурамдан жана сунушка чейин өздөштүрүшөт. “Маркетинг”, “Ишкердиктин негиздери” — жаңы предметтери жеке ишти ачууга мүмкүндүк берүүчү көндүмдөрдү берет. Жалпысынан аталган адистик боюнча кесиптик компетенциялар дээрлик 100% жаңыланды”, — деди ал.

 БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер