ЭКОНОМИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 30.05.2023
  • 0

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында экономикалык сабаттуулук боюнча эл аралык олимпиаданын республикалык деңгээлдеги экинчи этабы аяктады.

                Олимпиаданын жыйынтыктоо жана сыйлоо аземинде Билим берүү жана илим министри   К.Иманалиев, жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, жогорку класстар арасында финансылык жана экономикалык сабаттулук боюнча олимпиада биринчи жолу өтүп жаткандыгын, балдарыбыз мамлекеттин бюджетин өнүктүрүүнү жана европанын өлкөлөрүндөгү окуучулардай болуп бизнес проектилерди түзгөндү, экономикалык идеяларды алып чыгууну мектептен баштап үйрөнүшү керек экенин баса белгилеп айтып кетти.

Ал эми БАУнин экономика факультетинин деканы, доктор Кристофер Гарри жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен финалдык турдан дагы ийгилик жаратууларын каалады. “Биздин приоритеттүү максаттарыбыздын бири финансылык, экономикалык сабаттуулукту өнүктүрүү болуп эсептелет. Бул биздин проектибиздин алгачкы жылы, андыктан ар бир окуучу өзүнө ишеним топтоп, алдыга жылыш керек”, — деди ал.

Финансылык сабаттуулук боюнча проектинин жетекчиси, БАУнун ага илимий кызматкери Кемел Токтомушев бир жылдын ичинде америкалык экономисттердин “Жүйөлү экономика” аттуу базалык китебинин которулуп, бекер колдонууга мүмкүн болгонун айтып өттү. “Бул котормо проектибиздин биринчи этабы эле, олимпиада кийинки этабы болду. Экономика биздин жашообуздун бир бөлүгү эмеспи, ошондуктан көздөгөн максатыбыз – экономикалык сабаттуу, күнүмдүк турмушунда финансылык мүчүлүштүктөргө чалдыкпаган, шылуундардын кесепетинен чүнчүбөгөн инсанды тарбиялоо”, — дейт проектинин жетекчиси К.Токтомушев.

Кристофер Гарри экинчи тайпага катышкан 53 окуучу биринчи турдан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн сертификат жана баалуу белектерди тапшырды.

К.Иманалиев олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө: “Силердин араңарда азыр келечектеги Премьер министр, экономика, мыкты менеджер, бизнесмен отурушу мүмкүн – ал силерден гана көз каранды. Биздин газыбыз жок, нефтибиз жок, бирок, биздин терең ойлонулган, так экономикалык саясатыбыз болушу керек!”, — деп, жолдомолорун тапшырды. Братислава шаарында өтө турган Эл аралык экономикалык олимпиадага катышуу үчүн жолдомо Мухтаралиев Изатуллого (Кулушев Академиясы, Ош), Орозбеков Актанга (Г.Гмайнер мектеби, Бишкек), Зарылбекова Гердага(UWIS, Бишкек), Айбекова Айымга (UWIS, Бишкек), Тилек Аруукеге ( №38 мектеби, Бишкек) берилди.

“Дельфин” жайкы эс алуу лагерине барууга Орузбаев Тагайбек  жана Нурмаматов Даниел (№13 мектеп, Бишкек), Алексеева Вера (Светоч” мектеби, Ош), Видищева Анастасия (“Газпром”, Бишкек), Самсалиева Арууке (Г.Гмайнер мектеби, Бишкек) татыктуу болушту.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер