ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

  • 20.02.2019
  • 0

16-февралда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандагы 14 экономикалык билим берүүчү орто кесиптик окуу жайларынын ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады. 

ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДИН АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин директору Тажимамат Эркебаев Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүчү  окуу жайларынын ассоциациясын түзүүнүн зарылдыгы, максаттары жана перспективалары боюча баяндама жасады. Финансы-юридикалык колледжинин  директору Танавар Акматова ОшМУнун 80 жылдык бай тарыхы, Финансы-юридикалык колледжинин жетишкендиктери, алдыга койгон максаттары  боюнча маалымат берди.

Финансы жана банк иши кафедрасынын башчысы Нургазы Исаков “Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүдөгү көйгөйлөр жана сапатты камсыздоо саясаты” деген темада баяндама, ушул эле кафедранын доценти, Асилбек к Жыпара Аймактык студенттик олимпиаданын Жобосун презентация жасаса, БЭжС кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Кубаныч Исаков Ассоциациянын Уставы боюнча презентация жасады. Түшкө чейинки жыйында Ассоциациянын уставы, төрагасы, катчысы, ревизору бекитилди.

Ассоциацияга кирген окуу жайлардын директорлору  ОшМУнун ректору  Каныбек Исаков менен жолугуп, пикир алышты.

Түштөн кийин Аймактык студенттик олимпиаданын Жобосу талкууланып, бекитилди жана  олимпиаданы уюштуруу комитети дайындалды. Андан соң олимпиаданын өткөрүү тартибин практика жүзүндө көрсөтүү максатында, келген 20 предметтик окутуучуга логин берилип, алар тесттен өтүштү.

Ассоциациянын макулдашуу Меморандумуна 14 кесиптик окуу жайдын директору кол койду. Алар:

  1. ОшМУнун Финансы- юридикалык колледжи;
  2. Ош соода-экономикалык колледжи;
  3. ОГПИнин Колледжи;
  4. ОшКӨУнун Социалдык колледжи;
  5. ОшТУнун Технологиялык колледжи;
  6. НМУнун Агрардык-экономикалык колледжи
  7. БатМУнун Кызыл-Кыя көп тармактуу институту;
  8. БатМУнун Көп тармактуу колледжи;
  9. БатМУнун Сүлүктү аймактык институту;
  10. ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи;
  11. ЖАМУнун Аксы колледжи;
  12. К.Токтомаматов атындагы ЭАУнин Гуманитардык-экономикалык колледжи;
  13. Жалал-Абад Укук, бизнес, билим берүү колледжи;
  14. ОшКӨУнун Ала-Бука колледжи.
Бөлүшүү

Комментарийлер