ЭКОНОМИКА ЖАНА СЕРВИС КОЛЛЕДЖИНДЕ “ГУМАНИТАРДЫК-УКУКТУК ДИСЦИПЛИНАЛАР” ЖУМАЛЫГЫ ӨТТҮ
- 22.03.2022
- 0
Муса Рыскулбеков атындагы КЭУнун Экономика жана сервис колледжинде 14-18-мартка чейин “Гуманитардык-укуктук дисциплиналар” ПМК жумалыгы болуп өттү.
Бул жумалыктын максаты — экономикалык университетте гуманитардык жана юридикалык дисциплиналарды жайылтуу.
«Гуманитардык-укуктук дисциплиналар» предметтик-усулдук комиссиясынын жумалыгынын алкагында төмөнкү иш-чаралар уюштурулду:
- Кыргызстандын тарыхы жана философия мугалимдери үчүн ачык сабактар;
- «Юристтер» ийрими «Кесиптик ишмердүүлүктөгү иш-кагаздары»;
- Студенттер үчүн конок лекциялары;
- Ата-энелер чогулушу;
- Юридикалык студенттер арасында тегерек стол;
- Мамлекет жана укук теориясы боюнча билим олимпиада.
Ал эми олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгү студенттер:
- I даражадагы диплом — Алышпаева Дильназ
- II даражадагы диплом — Абдыгулова Надирабегим
- III даражадагы диплом — Шабидинов Марлен
«Гуманитардык-укуктук дисциплиналар» предметтик-методикалык комиссия аталган иш-чараларды өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн колледждин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Бөлүшүү
Комментарийлер