ЭКОФЕСТИВАЛЬ: СОҢ-КӨЛ КУШТАРЫН БИРГЕ САКТАЙЛЫ!
- 22.10.2026
- 0
20-октябрда Кочкор районунун Төлөк айылындагы Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде «Соң-Көл куштарын бирге сактайлы!» аттуу жамааттык экологиялык фестиваль өттү. Иш-чарада окуучулар Соң-Көлдүн канаттууларын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча интерактивдүү сынактарга катышып, экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.
Фестивалга мектеп окуучулары, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, жаратылышты коргоо тармагындагы адистер, орнитологдор жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү катышты. Бул маанилүү иш-чаранын негизги максаты жаш муундун экологиялык билимин жогорулатуу, Соң-Көлдүн канаттууларын, суулуу-саздак жерлерин жана жалпы экосистемасын коргоого коомчулукту тартуу болуп саналат. 
Фестивалдын катышуучулары алгач экологиялык жана сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышып, жергиликтүү ишкерлердин, аялдар топторунун жана кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлган жарманкени көрүштү. Көргөзмөлөрдө Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгү, канаттуулар дүйнөсү жана жаратылышты сактоонун мааниси чагылдырылып, ошондой эле «Соң-Көл канаттуулары» аттуу фотозона уюштурулду. 
Иш-чаранын ачылышында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Адил Жумаалы уулу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева, «Экологиялык коопсуздук» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Султангазиева, Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Алмаз Сатыбеков, «Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту» коомдук фондунун менеджери Анара Алымкулова жана Төлөк айылынын айыл башчысы Мелисбек Жумалиев катышып жаратылышты коргоо маселелери боюнча пикир алышты. 
Иш-чаранын эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири «Жергиликтүү жаштардын үнү» аттуу программа болду. Анда жаштар Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, канаттуулар жашаган аймактарды коргоо жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө коомчулукту тартуу маселелерин кызуу талкуулашып, өз ойлорун ортого салышты.
А.К., «КБ»