ЭКИ МУУНДУН КАГЫЛЫШЫ ЖЕ ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

  • 12.01.2021
  • 0

Мындан он жылдай мурда мектептерге мугалим жетишпей, атайын окуусун окугандар да эптеп эле диплом алган соң, башка акча көбүрөөк төлөй турган ишке ооп кетишип, үч миңге жакын мугалимдин орду бош эле. Азыр андай эмес, тескерисинче, жаш адистер мектепке ишке орношо албай, пенсионер мугалимдер качан орун бошотуп беришет деп кезек күтүшүүдө.

 

ЭКИ МУУНДУН КАГЫЛЫШЫ ЖЕ ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Жаш адис Төлөсүн уулу Касиет Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы Мырзамамбетов атындагы мектепке дене тарбия сабагынан мугалим болуу каалоосун билдирип, мектепке арыз жазгандыгына үч жыл болгон. Бирок мектепте орун жок деп, анын өтүнүчү ушул кезге чейин орундалбай четке кагылып келет.

Аталган мектептин директору Нуризат Ибраева, бул кырдаалга өзүнүн көз карашын төмөндөгүчө билдирди:

— Мен өткөн жылдын ноябрь айынан бери эле директор болуп иштеп келатам, маселенин чоо-жайын угушума караганда, сөз болуп жаткан жаш адис менден мурда келип арыз берип кеткен экен. Биздин айыл тоолуу аймактардын катарына киргендиктен, мугалимдер 50-55 жашынан пенсияга эс алууга кетишет. Учурда дене тарбия сабагынын мугалими Байдуев Акылбек Бегалиевич пенсия жашында экендиги ырас, бирок мектептин ичинде түзүлгөн келишимдин негизинде пенсияга чыккандан кийин дагы беш жыл иштешет. Чындыгында 60 жаш өтө деле картаң куракка кирбегендиктен, ич ара ошондой келишим түзүү менен иштөөгө макулдашылган. Ал мугалимдин келишими үстүбүздөгү жылдын май айында аяктайт экен, ошол мезгилден баштап башка каалоочулардын арыздарын карап чыгабыз,-дейт.

Кардым үчүн эмес, кадырым үчүн…

Тоң районунун Тогуз-Булак айлындагы мектептин дене тарбия мугалими Акылбек Байдуев азыр 59 жашта. Жаш адис Төлөсүн уулу Касиет менен болгон мамилеси тууралуу ал агай мына буларды айтып берди.

— Касиет менин окуучум, ал өз учурунда, тагырак айтканда, 2017-жылы орун бошогондо, мен иштебейм деп Караколго кетип калган. Мен келишим түзүп иштеп баштагандан кийин ушундай сөздөр чыгып жатпайбы. Мени 70тен ашкан киши деп да айтып жиберишиптир, кудай кааласа, ал жашка да чыгалы. Касиет менен сүйлөшкөндө ага: “Сен же эртерээк келсең болмок, эми окуу башталгандан кийин келип минтип орун талашканың болбойт, майга чейин чыдап тур, ошондо менин да келишимим аяктайт, ордумду бошотуп берем” — дедим эле. Ушунча сөздөр чыгып кетээрин күтпөптүрмүн, же ал жаштык кылып башка бирөөлөрдүн тукуругуна кирип жатабы деп да ойлойм. Бирөөлөрдүн көкүткөнү боюнча ушундай болуп жатабы дегеним, ар кандай коркутуп-үркүткөн сөздөрү да угулуп калып жатат, анткени айылдын ичин билесиз, кандай кеп-сөз болбосун, тез эле тарайт. Чындыгында мага деле оокат керек да, бала-бакыраны багып, аларды окутуу керек дегендей, анын үстүнө мен же жаш бала болбосом же мыйзамсыз иштеп жатпасам, башка жактардан жолу болбой келе калып: “орун бошот” деп омуроологондорго баш ийгидей. Менин да айлап-жылдап топтогон кадыр-баркым, айыл-апада өз ордум бар, беделиме доо кетирип, көчөдөн алдымдан тоскондорго теңелгим келбейт, болбосо райондук билим берүү бөлүмүнөбү, айтор тиешелүү жерлерге мен деле барып, өз укугумду коргоого чамам жетет… – деп, ичиндеги түпөйүл ойлору менен бөлүштү.

Акылбек Байдуев бул мектепте 1990-жылдан бери иштеп келет. Ага чейин деле спорт жаатында иштеп жүргөн. Тогуз-Булак айылынын окуучуларын күрөш жана тогуз коргоол боюнча мелдештерге даярдап жүргөнүн, айрыкча, тогуз коргоол улуттук оюну боюнча үйрөткөн балдары райондук, облустук мелдештерде жеңиштерге жетишип келатканын сыймыктануу менен белгилеп кетти.

“Жаш келсе — ишке, кары келсе – ашка”

Биз албетте, уу-дуу сөздөрдүн чордонунда калган жаш адис Касиет менен байланышууга аракеттендик. Ал бизге Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайынын дене тарбия факультетин аяктаган соң, үч жыл мурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өзү-туулуп өскөн айылындагы мектепке кесиби боюнча жумуш издеп барып, арыз таштап кеткенин тастыктады. Анткени апасы каза болуп, атасы жалгыз калган экен, үйдүн кичүү баласы катары айылга жашап, иштөөгө бел байлаган. Азыркы учурда ал бирок убактылуу Бишкекте жашайт.

— Үч жыл мурда мектептен иштөөгө арыз жазып кайрылганым ырас, бирок мени эмес, менден кийин келген, диплому жок, окуп жатат деген справкасы бар адамды ишке алышкан. Ал кезде мектептин директору башка адам эле, бул иштин азыркы мектеп директоруна тиешеси жок. Жаңы директор менен сентябрь айынан баштап иштөөгө макулдашканым да чын.

Айылга барып иштейм деген жалгыз эле мен эмес, мага окшогон жаштар көп эле, бирок пенсия жашындагы агай-эжейлер ордун бошотуп беришпегендиктен, көпчүлүгү иши жок жүрүшөт. Мен улуу муундун өкүлдөрүнө сөз тийгизгим келбейт, бирок жаштар менен сүйлөшкөндө, жогорку класстардын окуучулары аларга дене тарбия сабактары тиешелүү деңгээлде өтүлбөй келгендиктен, кызыгуусу жок болуп жатышканын айтышат. Себеби, улгайган адамдар келди-кетти иштешип, эптеп эле сабак өтүшүп, убакыт өткөрүп жүрүшкөнү баарыбызга маалым, бул жашыруун деле эмес. Азыркы талап, жаштардын каалоосу башка, балдар заманбап ыкмалар менен окуганды каалашат, тилекке каршы, айыл жергесинде андай шарттар жок же андай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалашпайт. Балдарга топ тептирип коюп, убакыт өткөрүп, өздөрү эптеп эле айлык алууну көздөгөн мугалимдер бар,-дейт Касиет.

Анын айтымында, ал өзү спортко чындап кызыгат жана мектепте балдар менен иштегиси келет. Атасы ички иштер органынын кызматкери болгондуктан, аны ошол тарапка тартууга аракеттенген, бирок ага макул болбой, өзү мугалимдик кесипти тандап алган. Касиет — волейбол боюнча спорттун чеберлигине талапкер.

— Мен атайын деле эч жерге арызданып кайрылган эмесмин, бирок ушундай кырдаал түзүлүп жаткандан кийин, өзүмдүн жеке оюмду айта кетүүнү туура көрүп турам. Ооба, ырас, бизди окуткан эжей-агайларыбыздын эмгеги баа жеткис, аларды чексиз сыйлайбыз, бирок, ар бир муундун өзүнүн мезгили, милдети болот эмеспи. Мен жогоруда айтып кеткендей, колуна дипломун кармап алып иш таппай жүргөн жеке эле мен эмес жана басымдуу көпчүлүгү пенсионерлерден турган жеке эле биздин мектеп болбосо керек. Мындай кырдаал республикадагы дээрлик бардык мектептерде жана башка мекемелерде кездешет. Муну биз муундардын кагылышуусу дейбизби же мезгил тогошуусу дейбизби? Ар бир адам жигердүү жаш курагында иштеп, коомго, элге пайда келтиргиси келет. Азыркы пенсионерлер да убагында жаш болушкан, алар да бирөөлөрдүн ордуна келип иштешкен. Эмне үчүн алар азыр бизди түшүнгүсү келбейт? Мен мисалы, биздин Тогуз-Булак айылындагы мектептин пенсия курагындагы мугалимдеринин абалын жакшы түшүнүп турам, эгерде Акылбек агайга ордун бошотууга туура келсе, кезек башкаларга да келет, алар бизди да ордуңарды бошоткула дешет деп кооптонушат. Буга ким күнөөлүү? Мисалы, мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептебейм, — дейт жаш адис Касиет.

Дене тарбия — бул ден соолук

Дене тарбия сабагынын мааниси айрыкча, ден соолук үчүн өтө олуттуу экендигине карабай, ага жеткиликтүү маани бербей келебиз. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн ден соолукту чыңдоодо салмагы чоң экендигин пандемия учурунда таасын көргөндөй болбодукпу.

ЭКИ МУУНДУН КАГЫЛЫШЫ ЖЕ ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Биз дене тарбия сабагы башка өлкөлөрдө кандай өтөөрүн иликтеп, өтө кызыктуу фактыларды таптык. Маселен, Англияда биздей эле жумасына эки жолу дене тарбия сабагы өткөрүлөт. Сабактарда топтошуп ойногон оюндарга, маселен, баскетбол, волейбол, бадминтон, гимнастика, бий түрүнө басым жасылат. Улуу Британиянын мектептеринде окуучулар өз каалоолоруна жараша спорттун бир нече түрлөрүн тандай алышат. Баарынан кызыгы, балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө машыгат. Ал эми АКШда дене тарбия сабагы күнүмдүк сабакка киргизилип, жети мүнөттүк дене жазуу көнүгүүлөрүнөн башталат. Америкалык окуучулар күн сайын бир миль (1,6 км) кросс чуркашат. Бул жакта спорттук формага да өзгөчө маани берилип, ар бир мектеп өзүнүн спорттук формаларын кийишет.

Күн Чыгыш өлкө — Жапонияда болсо, дене тарбия сабагына ар жумасында үч сааттан жогору убакыт бөлүнөт. Окуучуларга жалпы физикалык даярдоо көнүгүүлөрүнөн тышкары, сууда сүзүү жана ошондой эле саламат жашоо сабактарынын негиздерин окутушат. Андан тышкары, ар кандай кошумча программалардын алкагында балдар жумасына үчтөн кем эмес спорт секцияларына катышууга тийиш.

Кайсы мамлекетте болбосун, окуучулар үчүн өтүлгөн дене тарбия сабактарында аларга ыңгайлуу жана сапаттуу спорттук кийим кийгизүүнүн мааниси чоң. Ал балдар үчүн бул сабакты өтө пайдалуу жана жагымдуу гана кылбастан, спорт аянтында баланын денесинен жаракат алуусунун алдын алат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер