ЭКИ МЕКТЕПТИН ЖАНА ҮЧ БАЛА БАКЧАНЫН ШАРТТАРЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ

  • 19.01.2023
  • 0

18-январда Билим жана илим берүү министри Уланбек Мамбетакунов Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында гранттык келишимдерге кол коюу аземине катышты.

ЭКИ МЕКТЕПТИН ЖАНА ҮЧ БАЛА БАКЧАНЫН ШАРТТАРЫ ЖАКШЫРТЫЛАТ

Мектеп жабдууларын берүү жана билим берүү мекемелериндеги дааратканаларды жакшыртуу долбоору боюнча Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 мектеби жана №4 мектеби мектеп такталары менен жабдылып, жалпы суммасы 48 миң 988 АКШ долларын түзгөн 5 даараткана курулат. Грант-келишимге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов кол койду.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарын жакшыртуу долбоору Нарын шаарынын №2 “Чебурашка”, №14 “Алтын балалык” жана №15 “Бактылуу балалык” бала бакчаларынын эшик жана терезелерин орнотууга жалпы суммасы 75 миң 19 АКШ доллары каралган. Грант-келишимге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года жана Нарын шаарынын шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Апсалиева кол койду.

Кошумчалай кетсек, “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасы Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер