ЭКИ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫ МУШТАШТЫ
- 25.01.2018
- 0
Кара-Суу районунда 9-класстын окуучулары мушташып, бир окуучу ооруканага түштү. Булактардын айтымында, 20-январда Каратай айылындагы мектептин 9-класстагы окуучулары менен Ак-Жар айылындагы мектептин 9-класстагы окуучулары мушташкан.
Бул маалыматты Каратай айылындагы А.Султанов мектебинин директору Нурмамат Асанов тастыктап, жабырлануучу ооруканада экенин билдирди. Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 3-4 окуучунун ортосундагы талаш чырга айланып, анын кесепетинен 1 окуучу ооруканага түшкөнүн билдирди. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бөлүшүү
Комментарийлер