ЭКИ МЕКТЕП ЭЭСИН ТАПТЫ
- 19.09.2024
- 0
Чүй облусунун Сокулук районундагы эки мектеп мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. Маалыматта Жыламыш жана Гаврилов айылындагы бул эки мектеп 1990-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени айтылат.
Жыламыш айылындагы 20 гектар аянты бар эки кабаттуу 200 орундук мектептин имараты 376 миллион 339 миң сомго бааланган. Ал эми Шопоков айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алган Гаврилов мектебинин имаратынын баасы 255 млн 649 миң сомду түзгөн, анын жалпы аянты 18 гектар.
Текшерүүнүн жыйынтыгында азыркыга чейин ээлик кылып келген кожоюндары мектеп имараттарын өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берген.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер