ЭГЕМЕНДИККЕ КАРАТА КОЛЛЕДЖДЕ ТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

  • 01.09.2020
  • 0

Мекенчилдикке, ынтымакка, биримдикке, тилектештикке, эрдикке чакырган эгемендик майрамдын урматына карата Кочкор-Ата колледжинин кире беришине  эгемендиктин символу болгон бийиктиги 15 метр, баасы 100000 сомго бааланган Кыргызстандын туусу орнотулуп, майрам күнү көтөрүлдү.

ЭГЕМЕНДИККЕ КАРАТА КОЛЛЕДЖДЕ ТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

Кочкор-Ата колледжинин директору Эктибар Молдокеримованын берген маалыматына таянсак, бул жакшы жышаандын демөөрчүсү колледждин экономисти, элибиздин мекенчил уулу Кубанычбек Эгембердиев.

  • Эгемендүүлүк бизге эркиндик, теңдик берди. Өзүбүздүн мамлекеттик туубуз, тилибиз, гимнибиз, гербибиз, чек арабыз, Конституциябыз бар… Адам баласына мындан өткөн байлык дагы, бакыт дагы жок! Булар биздин энчибиз, менчигибиз, эч ким биздин бул баалуулуктарыбызды тартып дагы, сатып дагы алганга укугу жок! Ошондуктан биз бейиш жерибизде эркин жашап, иштеп, ынтымак, биримдик менен эгемендигибизди, экриндигибизди сактап калууга милдеттүүбүз!

Бийик көтөр тууңду, бийик көтөр,

Аталарга  башыңды  ийип көтөр,

Эркиндикти, теңдикти сүйүп көтөр,

Келечекке максатыңды билип көтөр! – дейт окуу жайдын директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер