ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ ЖУМГАЛДЫН ЛАМА АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛАТ
- 19.08.2026
- 0
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында 100 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Заманбап шарттар менен камсыздалган билим берүү мекемесинин имараты 31-август — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилгени турат.
Лама атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Карыбек уулу Нурландын маалыматы боюнча, жаңы билим уянын курулушу 2024-жылы башталган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 86 миллион 602 миң 400 сом бөлүнгөн. Мектепте окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык шарттар каралып, долбоордун алкагында окуу бөлмөлөрү парта, стол, стулдар менен, ал эми ашкана тиешелүү эмеректер жана жабдуулар менен толук камсыздалат. 
Белгилей кетсек, учурда Лама айылында 120 окуучу бар. Буга чейин алар 2008-жылы ашар жолу менен салынган мектептин экинчи корпусунда окуп келишкен. Ал эми 1999-2001-жылдары тургундардын күчү менен курулган биринчи корпустун абалы өтө начар болгондуктан, ал толук бузулуп, ордуна ушул жаңы имарат тургузулду. Жакынкы күндөрү айылдын окуучулары жаңы, жарык жана бардык талаптарга жооп берген класстарда билим алууну башташат.
А.К., «КБ»
Комментарийлер