“ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ”

  • 21.09.2020
  • 0

Ушундай аталыштагы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына арналган онлайн-конференция Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунда өттү.

“ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ”

Конференцияны университеттин ректору Акымбек Абдыкалыков ачып, андан соң коноктор: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева жана башкы адиси Асылбек Орозов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, КР Улуттук илимдер икадемиясына караштуу терминология секторунун башчысы, ф.и.д., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев сөз сүйлөп, эгемендүүлүктүн маанисин студенттерге жеткиликтүү кылып айтып беришти. Конференцияга бул окуу жайдын студенттеринен сырткары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Омурзакова Карамат баш болгон студенттер дагы катышышты.

  • Баарыбызга белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгонуна 29 жыл болду. “Эгемендүү мамлекет” деген сөздүн маанисин жаштарга түшүндүрүү, ачып берүү ар бир окутуучунун милдети. Андыктан жаш муундарга, окутуп жаткан студенттерибизге эгемендүү мамлекет жөнүндө кенен маалымат берүү максатында бул сабакты онлайн-конференция форматында өткөрдүк, — дешет иш-чаранын уюштуруучулары.

Университеттин студенттери дагы  “эгемендүүлүк” деген сөздүн тегерегинде өз ойлорун ортого салышып, тематикалык презентацияларын сунушташты. 2-курстун студенттери өз иштерин чебердик менен коргошуп, “эгемендүү мамлекет” темасынын маани-маңызын чечип бере алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер