EDUPAGE –МУГАЛИМГЕ КЫЗЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИЛДИК

  • 02.12.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы, №64 мектеп-гимназиясында  электрондук күндөлүк, электрондук журнал, мектеп иш кагаздарын санариптештирүү ишке аша баштады. 2022-2023-окуу жылынын башынан “EduPage” системасына кирип, толук кандуу иштеп баштоо максаты менен жалпы жамаат аракет кылууда. Бул демилгени мектептин математика мугалими Асыл Мукарапова өз колуна алып, акырындык менен жалпы жамаатка тааныштырып, практикалап келе жатат.

EDUPAGE –МУГАЛИМГЕ КЫЗЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИЛДИК

Дүйнөлүк санариптештирүү жашоонун бардык бутактарын бекем чырмап, IT кызматы өнүгүү жолунда келе жатканда, билим берүү системасында дагы бул багытта иштей турган жаңылыктар көп экени талашсыз. Өзгөчө мектеп – келечектин бешиги болгондуктан, азыркы муунду заман кадамынан артта калтырбоо зарыл.

EduPage  –  бул жалпы билим берүүчү мектептер үчүн иштелип чыккан интерактивдүү булут системасы. Интернет-ресурсту мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери өздөрүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон шартта пайдалана алышат. Учурда Кыргызстан боюнча, бардыгы болбосо да, көп мектепте бул система ишке киргизилген.

Мектептин документтерин “EduPage” электрондук мектепти башкаруу системасына өткөрүүдө,  алгач “EduPage  Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү Ахмед Мамановдун консультацияларынын жана Бишкек шаарындагы жеке менчик мектебинин директорунун орун басары Рустам Сатыбалдиевдин техникалык жактан колдоо көрсөтүп, жардам берүүсүнүн негизинде ишке ашырыла баштады.

EDUPAGE –МУГАЛИМГЕ КЫЗЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИЛДИК EDUPAGE –МУГАЛИМГЕ КЫЗЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИЛДИК

“EduPage” электрондук мектепти башкаруу системасы 100 функцияны камтыйт. Мисалы:

 — Электрондук күндөлүк;

 — Электрондук журнал.

“EduPage” электрондук журнал, күндөлүк  жана санариптик мектепти башкаруу системасынын артыкчылыктары болуп:

— Автоматтык жүгүртмө;

— Байланыш;

— Баалар модулу;

— Алыстан окутуу;

— Мектептин заманбап веб-баракчасы;

— Автоматтык алмаштыруу;

— Календардык пландар;

— Класстарды бөлүүдө жөнөкөйлүк;

— Талапка жараша түрдүү отчёттор же статистика;

— Төлөмдөгү ыңгайлуулугу;

— Жеке маалыматты коргоо;

— Автономдуулук;

— Коопсуздук;

— Ашкана модулу;

— Мектепке катталуу;

— Жарыя тактайы жана маалыматташуу;

— Окуучуларды жоктоо;

— Баа коюу;

— Мугалимдер арасында материалды алмашуу;

— Интерактивдүү тест;

— Үй ишин жөнөтүү;

— Ар бир класс жетекчинин класстагы окуучулардын сабакка катышуусун, алган бааларын көзөмөлдөй алуусу ж.б.

Азыркы учурда  мугалимдерди окутуу этабы жүрүп жатат.

Бул  “EduPage” системасына киргизүүдө, алгач мугалимдерди топтордо төмөнкү  иреттүүлүктө, башкача айтканда:

— окуучуларды жоктоо;

— баа коюу;

— үй тапшырма берүү;

— күнүмдүк сабактын темаларын жазуу боюнча практикалык окуу өтүлүп жатат.

Мындай жоопкерчиликтүү жаңылануунун зарылдыгын баамдап, мектепти жалпы санариптештирүүгө өткөрүүгө аракет кылган Мукарапова Асыл, 1997-жылы КМУУнун механико-математика факультетин  аяктагандан бери, №64 мектеп-гимназиясынын  математика мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

EDUPAGE –МУГАЛИМГЕ КЫЗЫГУУ ЖАНА ЖЕҢИЛДИК

— Үч жыл мурда шаарыбыздын жеке менчик мектебинде дагы кошумча иштеп калдым. Ал жакта жалаң EduPage гана колдонушат экен. Алгач мага сабактардын расписаниеси (автоматтык жүгүртмө) ыңгайлуулугу, автоматтык түрдө түзүлгөнү менен абдан жакты. Журналдарды толтурууда да жеңилдиктер көп экен. Анан мен, Рустам агайдан жардам сурап, үйрөнө баштадым. Пандемия учурунда баарыбыз онлайн окутууга өткөн учурда да көп нерсеге көзүм ачылды. Онлайн окутуу учурунда окуучуларга тестти EduPage аркылуу жөнөтүп, ал жакта система өзү текшерип, процентин даяр кылып берет экен. Мындай ыкма мугалимдердин жумушун кыйла жеңилдетери анык экен, — дейт А.Мукарапова.

Албетте, жаш адистин оюна мындай жакшы саамалык өзү иштеген мектепте дагы болсо деп самады. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү салмактап көрүп, иштеп чыкса, үйрөтсө болоруна көзү жеткенде, оюн ортого салып, №64 мектеп-гимназиясынын администрациясына сунуштап, жакшы платформа экендигин ишендире алды.

— Администрациянын уруксаты менен, өзүм өткөн класстарда бир жыл бою EduPage аркылуу иштей баштадым. Кийинки жылы этап-этабы менен бардык класстарды EduPageге кошо баштадык. Мектепте бир команда болуп, IT-кызматкери Таалай Жедигеров жана информатика мугалими Альмира Пазылбековна жардам бере баштады. Жаңы платформанын улам бир функциясын үйрөнгөн сайын кызыгуум артып жатат. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги платформа болгондугуна байланыштуу, сбой болбойт, дүйнөлүк спутник системасына түшкөн, окуучулар жана ата-энелер үчүн бекер. Лицензияга гана бир жылга тогуз миң сом төлөнөт экен. Функциялары дагы көп. Бардыгы иретке келип баштап, иштеген сайын, кызыгып иштейт экенсиң, — деди Асыл Камчыбековна.

Айнура Асаналиева,                        “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер