EDUGATE САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ:КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ ЭКСПОРТУНУН ЖАҢЫ ЭТАБЫНА ӨТҮҮДӨ

  • 15.07.2026
  • 0

Кыргызстан чет элдик студенттерди кабыл алуу системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө багыт алган реформаны ишке ашырууда. Бирдиктүү EDUGATE санариптик платформасы аркылуу эми чет өлкөлүк абитуриенттер документ тапшыруудан тартып окууга кабыл алынганга чейинки бардык этаптарды онлайн өтө алышат. Бул демилге кабыл алуудагы ачык-айкындуулукту камсыздап гана тим болбостон, билим берүү кызматтарын экспорттоону күчөтүп, өлкө экономикасына кошумча киреше алып келүүчү маанилүү инструмент катары бааланууда.

Акыркы жылдары Кыргызстан Борбор Азиядагы билим берүүнүн экспортун ишке ашырган өлкө катары чет өлкөлүк жаштардын кызыгуусун жаратып келет. Айрыкча медициналык билим берүү тармагында бул тоолуу чакан өлкөнүн жогорку окуу жайларына болгон суроо-талап өсүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстанда 40 миңден ашуун чет элдик студент билим алууда. Алардын 18 миң чамалы Индиядан келсе, калган бөлүгү Пакистан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Иран, Россия жана башка мамлекеттердин жарандары. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп, билим берүү тармагы өлкөнүн экспорттук потенциалынын маанилүү бөлүгүнө айланып барат.

Бирок чет элдик студенттердин саны көбөйгөн сайын  аларды кабыл алуудагы көйгөйлөр да курчуп келген. Мурда ар бир жогорку окуу жай чет өлкөлүк абитуриенттерди өзүнүн тартиби менен кабыл алып, документтерди кароо мөөнөтү, талаптары жана байланыш каналдары бири-биринен айырмаланып турган. Мындай шартта талапкерлер кайсы баскычта турганын билбей, көп убакыт коротушкан. Мындан тышкары ортомчу компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү, жасалма чакыруулар жана алдамчылык фактылары да кездешип, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын жараткан. Мамлекеттик көзөмөл демекчи, чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу коопсуздук органдарынын көзөмөлүндө эле эмес, көмүскө “капчыгына” да айланып кетти деген сындар айтылып келген.

Ушул себептен Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы №189 токтому менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Четөлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Борбордун негизги милдети – чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну бирдиктүү тартипке келтирүү, документтерди борборлоштурулган негизде текшерүү жана бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүү.

Министрдин орун басары Дурусбек Козуевдин айтымында, жаңы система билим берүү кызматтарын экспорттоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары өнүктүрүүгө багытталган. Анын белгилешинче, билим берүү бүгүн дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө экономиканын өзүнчө тармагына айланып, мамлекеттер үчүн валюталык түшүмдүн булагы болуп калды. Кыргызстан да бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, эл аралык билим берүү рыногунда өз ордун бекемдөөнү көздөөдө.

Бул ишти аткарууда негизги инструмент катары EDUGATE бирдиктүү санариптик платформасы кызмат кылат. Борбордун директору Чыңгыз Узакбаевдин маалыматына ылайык, система «бирдиктүү терезе» принциби менен иштейт. Абитуриент портал аркылуу каттоодон өтүп, паспортун, билимин тастыктаган документтерин жана башка керектүү маалыматтарды жүктөйт. Андан соң жогорку окуу жайды жана адистикти тандап, документтер борбор тарабынан текшерилет. Окуу жай оң чечим кабыл алгандан кийин виза алуу, Кыргызстанга келүү, окууга кабыл алуу жана медициналык камсыздандыруу сыяктуу бардык кызматтар ушул эле портал аркылуу жүргүзүлөт. Жалпысынан кабыл алуу процесси 18 этаптан турат жана ар бир кадам система аркылуу көзөмөлдөнөт.

Жаңы платформанын артыкчылыгы анын ачыктыгында. Абитуриент арызынын кайсы баскычта экенин реалдуу убакыт режиминде көрө алат. Жогорку окуу жайлар кабыл алуу планын көзөмөлдөп, министрлик чет өлкөлүк студенттер боюнча бирдиктүү статистикалык маалыматка ээ болот. Мындай механизм коррупциялык тобокелчиликтерди азайтып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга келген чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык адистиктерди тандашууда. Айрыкча Индия жана Пакистандан келген жаштар үчүн кыргызстандык медициналык билим жеткиликтүү баасы жана англис тилиндеги окуу программалары менен кызыктуу болууда.  Мындан тышкары инженерия, маалыматтык технологиялар, экономика жана бизнес башкаруу багыттарына кызыгуу да жылдан-жылга өсүп жатат.

Чет элдик студенттердин көбөйүшү билим берүү тармагынан сырткары өлкө экономикасына да олуттуу таасир этет. Алар окуу акысын төлөп гана тим болбостон, батир ижарага алышат, жатаканаларда жашашат, коомдук транспортту колдонушат, байланыш кызматтарына, коомдук тамактанууга жана соода түйүндөрүнө каражат жумшашат. Брифингде белгиленгендей, билим алууга сарпталган ар бир миң доллар экономикадагы байланышкан тармактарга эки миң долларга чейин кошумча киреше алып келет. Демек, билим берүү экспорту курулуш, кызмат көрсөтүү, транспорт жана туризм тармактарынын өнүгүшүнө да түздөн-түзтаасир этет.

Билим экспортун өнүктүрүүдө анын сапатын камсыз кылуу маселеси дагы өзгөчө мааниге ээ. Министрлик документтерди автоматташтырылган текшерүү системасын киргизип, мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну күчөтүүдө. Ошондой эле чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу, визалык колдоо, аэропорттон тосуп алуу, жатаканага жайгаштыруу жана адаптациялоо кызматтары уюштурулат. Бул чараларалардын коопсуздугун камсыздап, Кыргызстандагы жашоо-шартка тез көнүшүнө жардам берет.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары эл аралык рейтингдерде да акырындык менен өз позициясын бекемдөөдө. Айрым университеттер QS World UniversityRankings жана Азиялык рейтингдерге кирип, бул өлкөнүн билим берүү системасынын эл аралык деңгээлде таанылып жатканын көрсөтүүдө. Адистердин пикиринде, кабыл алуудагы санариптик реформалар жана сапатка болгон талаптын күчөшү келечекте кыргызстандык университеттердин дүйнөлүк рейтингдердеги көрсөткүчтөрүн дагы жакшыртат.

Чет элдик студент – бул жөн гана билим алуучу эмес. Ал келечекте өз өлкөсүндө мамлекеттик кызматкер, дарыгер, инженер же ишкер болуп, Кыргызстан менен байланышты уланта турган адам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай бүтүрүүчүлөр мамлекеттер ортосундагы илимий, маданий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошушат. Ошондуктан билим берүү экспорту бүгүнкү күндө өлкөнүн «жумшак күчүнүн» маанилүү куралы катары каралууда.

Кыргызстандын чет элдик студенттерди кабыл алуунун бирдиктүү санариптик моделине өтүшү – жөн гана техникалык жаңылануу эмес. Бул билим берүү системасын заман талабына ылайык реформалоо, эл аралык атаандаштыкты күчөтүү жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган стратегиялык кадам. EDUGATE платформасынын толук ишке киришименен Кыргызстан Борбор Азиядагы билим берүү борборлорунун бири катары өз позициясын дагы бекемдөөгө умтулууда.

МАДИНА КУРБАНОВА ,EDUGATE САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫ:КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ ЭКСПОРТУНУН ЖАҢЫ ЭТАБЫНА ӨТҮҮДӨ«КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер