1050 БАТИР: ПРЕЗИДЕНТ «АСМАН РЕЗИДЕНС-1» ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИН АЧТЫ
- 25.09.2026
- 0
Бишкек шаарында «Асман Резиденс-1» турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. 
«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы батирлердин ачкычтары күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тапшырылды. Курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган турак жай комплекси 11 блоктон туруп, 1 050 батирди камтыйт. 
Мамлекет башчысы өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 миңден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болорун билдирди. Ошондой эле, 2026-2027-жылдары турак жайга муктаж болгон 100 миңдей үй-бүлөнү батир менен камсыз кылуу пландалып жатканы айтылды. 
Президент мамлекет алдына 2030-жылга чейин өлкөдөгү турак жайга муктаж болгон бардык жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле курулуш иштерин райондук борборлорго, чакан шаарларга жана айылдарга чейин кеңейтүү милдети коюлганын баса белгиледи.
А.К., «КБ»




