МАМКАТЧЫ АЛТАЙГА МАНАСТЫН АЙКЕЛИН ОРНОТУУ ДЕМИЛГЕСИН СУНУШТАДЫ

  • 25.09.2026

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев «Өр Алтай – түрк элдеринин ата мекени» аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференциясында Алтай жеринде айкөл Манастын эстелигин орнотуу демилгесин расмий түрдө сунуштады.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Алтай түрк элдеринин тарыхый эс-тутумун, тилин, маданиятын жана дүйнөтаанымын изилдөөдө өзгөчө орду бар аймак экенин белгилеп, кыргыз элинин тарыхын Улуу Алтайдын тарыхынан бөлүп кароого болбостугун билдирди. Ошондой эле тарыхый процесстерди археология, этнография, лингвистика жана палеогенетика сыяктуу илимдердин аралашуусу менен комплекстүү изилдөө зарылдыгына токтолду. МАМКАТЧЫ АЛТАЙГА МАНАСТЫН АЙКЕЛИН ОРНОТУУ ДЕМИЛГЕСИН СУНУШТАДЫ

Сүйлөгөн сөзүндө Арслан Койчиев «Манас» эпосунун Алтай аймагы менен байланышкан мотивдерин жана Саян-Алтай элдеринин эпикалык салттары менен окшоштуктарын терең изилдөө маанилүү экенин айтты.

Андан тышкары, Кыргызстан Казакстан, Алтай, Сибирь, Кавказ жана Борбордук Азиядагы илимий борборлор менен байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги белгиленди. Бул багытта биргелешкен археологиялык экспедицияларды өткөрүү, тарыхый булактарды санариптештирүү, музейлер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен программаларды ишке ашыруу сунушталды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү