“EDTECH — БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫ РЕАЛДУУЛУК” АТТУУ БИР АЙЛЫК ОНЛАЙН-МАРАФОН (ВЕБИНАРЛАР СЕРИЯСЫ) БАШТАЛДЫ

  • 07.05.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте “EdTech — билим берүүдөгү жаңы реалдуулук” деп аталган онлайн иш чаралардын бир айлыгын жарыялайт.

Онлайн окутуулар билим берүүдөгү жаңы технологиялар менен таанышуу, бүтүрүүчүлөрдүн өлкөнүн ири компанияларына жумушка орношуусу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, кыска мөөнөттүү курстар жана университеттердин IT программалары боюнча маалымат берүүнү максаттайт.

Бир айлыктын алкагында өтүүчү иш-чаралардын тизмеси:

  • Кыргызстандагы мыкты IT мектептерден окуучулар жана студенттер үчүн IT адистиктиктер боюнча акысыз вебинарлар сериясы – 4-майдан 16-майга чейин;
  • Жумушка орношуу, стажировка үчүн аңгемелешүү, мотивациялык кат жана резюме жазуу боюнча акысыз мастер класстардын сериясы – 18-майдан 23-майга чейин;
  • IT компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу жолугушуулар, талкуулардын сериясы, презентациялар жана стажировка үчүн орундар боюнча маалымдоо – 16-майдан 30-майга чейин;
  • Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар менен жолугушуулар сериясы – 4-майдан 30-майга чейин.

Онлайн вебинарлардын сессияларынын тизмеси жана ага катталуу шилтемеси — https://docs.google.com/spreadsheets/d/1U2wiskUhgC-yKkrd4sgo7byrnb1tHwv87rQBeiH-R1I/edit?usp=sharing.

Бул иш чаралардын катары дагы толукталат. Бардык суроолор боюнча төмөндөгү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот: [email protected].

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер