EdNet Улуттук рейтинги: АЭУ эл аралык билим берүүнүн лидери

  • 23.06.2025
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык  университети кайрадан өлкөнүн алдыңкы үч жогорку окуу жайларынын катарына кирип, жогорку билим берүү тармагындагы лидерлигин дагы бир жолу тастыктады. 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингинде АЭУ 453,58 упай топтоп, ардактуу экинчи орунду ээледи. Бул жогорку көрсөткүч университеттин туруктуу өнүгүүсүн, билим берүү программаларынын сапатын жана келечектеги адистерди даярдоого кошкон салымын дагы бир ирет тастыктап турат.

EdNet Улуттук рейтинги: АЭУ эл аралык билим берүүнүн лидери

EdNet Билим берүүдөгү сапатты камсыздоо агенттигинин маалыматына ылайык, АЭУнун “Юриспруденция” жана “Эл аралык мамилелер” багытындагы программалары өз категорияларында биринчи орунду ээлеп, университет билим берүүдөгү мыкты салттарды заманбап ой жүгүртүү жана тынымсыз өркүндөө менен айкалыштырып, келечекке ишенимдүү кадам таштап жатканын дагы бир жолу тастыктады.

“Экономика” багыты республика боюнча жогорку окуу жайлардын арасында экинчи орунду ээледи, ал эми “Педагогика” багыты алдыңкы үчтүккө кирип, үчүнчү орунду алды. Мындан тышкары, рейтингге кирген алты программанын ичинен экөө – биринчи орунду, бирөөсү – экинчи жана дагы бир программа үчүнчү орунду камсыздады. Ошондой эле, АЭУнун “Медицина факультети” Кыргызстандагы мыкты медициналык программалардын алдыңкы бештигине кирип, EdNet Улуттук рейтингинде ардактуу бешинчи орунду ээледи.

Бул көрүнүктүү жыйынтыктар университеттин ар түрдүү тармактар боюнча сапаттуу адистерди даярдоого жөндөмдүүлүгүн жана анын көп тармактуу күчүн айкын көрсөтүп турат.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтинги – бул университет көрсөткөн билим берүү кызматтарынын сапатын, окутуучулардын кадыр-баркын, окуу программаларынын деңгээлин, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын толук ачып чыгуусу үчүн түзүлгөн шарттарды комплекстүү түрдө баалаган көрсөткүч.

EdNet Улуттук рейтингинде жогорку орундарды ээлөө – бул жөн гана баалоонун жыйынтыгы эмес, көп жылдык үзгүлтүксүз жана системалуу эмгектин далили. Ар бир упайдын артында – профессордук-окутуучулук курамдын талыкпас эмгеги, студенттердин максатка умтулуусу, бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери жана өнүгүүгө багытталган университеттин ички маданияты турат.

“Бул жыйынтык – биз үчүн сыймыктануу гана эмес, мындан ары да тынымсыз өнүгүүгө болгон шыктандыруу. Биз билим берүү – бул тынымсыз жаңыланууну, ийкемдүүлүктү жана ачык болууну талап кылган жандуу процесс экенин түшүнөбүз. Биздин максат – жөн гана академиялык жетишкендиктер эмес, ар бир студент алган билимин коомдун, өлкөнүн жана бүтүндөй дүйнөнүн өнүгүшүнө салым кошо аларын сезиши”, – деп белгиледи “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин ректору Эсеналиева Назира Солтонбековна.

“Ала-Тоо” Эл аралык университети изилдөө жана билим берүү инфраструктурасын мындан ары да активдүү өнүктүрүп, инновациялык ыкмаларды киргизүүдө жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтип жатат. Университеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири – билим берүү жайы жөн гана кесипке даярдануу эмес, аң-сезимдүү жеке жана кесиптик өсүү үчүн аянтчага айланышы болуп саналат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер