ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “ ЭКИ ЖЫЛДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОҢДОЛОТ”

  • 29.08.2023
  • 0

Бүгүн, 29-августта салтка айланган педагогдордун Август кеңешмесинин жыйынтыктоочу аземи Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүдө. Аталган иш-чара билим  берүү  уюмдарында  окуу-тарбия процессин уюштурууну  жакшыртуу  жана  билим  берүү  системасын өнүктүрүүнүн  негизги  фактору  катары  мугалимдердин  чыгармачылык потенциалын жогорулатуу максатында жыл сайын уюштурулуп турат.

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “ ЭКИ ЖЫЛДА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОҢДОЛОТ”

Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылы Билим берүү жана илим министрлигине бюджеттен 61млр сом бөлүнгөнүн, бул сумма 2022-жылга салыштырмалуу 23млр сомго, 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогору экендигин айтты.

  • Бүгүнкү күнү билим берүү тармагы толугу менен камсыздалып жатат дегенден алыспыз, ошентсе да мамлекеттик бюджеттин негизги бөлүгү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалууда. Биздин келечек муунга багытталууда. Себеби 2050-жылы да дүйнө жүзүндөгү бардык эл менен тиреше турган Илон Марс, Цукербергдин деңгээлиндеги балдарды тарбиялашыбыз керек, — деди Эдил Байсалов.

 

Ошондой эле  “Өкмөттүк” акселераторлор программасынын алкагында, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда үй тибиндеги бала бакчалар ачылып жатканын, ишкерлер салык төлөөдөн, лиценциядан бошотулуп,  Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 240 жеке ишкер каттоодон өткөнүн айтты. Эми өкмөт жеңилдетилген насыяларды кароодо.  Мунун негизинде жеке ишкерлер гана эмес, айыл өкмөттөрү да жаңы моделдеги бала бакчаларды курууга багытталган программа түзүлүүдө.

 

Эдил Байсаловдун айтымында, 1-сентябрдан баштап, мектеп директорлорунун жана орун басарларынын эмгек акылары дагы 50 пайызга жогоруласа, 1-январдан тартып, мугалимдердин аттестациясынын негизинде айлык акысы 5000сомго чейин көтөрүлөт.

2023-жылкы курулуш жаатындагы титулдук тизмеге 240 соцобъект кирсе, анын 196сы билим берүү тармагына тиешелүү. Анын 46сы жер-жерлерде эмки аптада ачылат. Андан сырткары дагы отуз мектеп 2025-жылга чейин курулат.

  • Буйруса, өлкө башчыбыздын буйругу менен авариялык абалдагы, эскилиги жеткен мектептердин бардыгы бир-эки жылдын ичинде кайра курулат. Мамлекет жетекчисинин катышуусунда Россия Федерациясы тарабынан белек болгон тогуз мектептин курулуштарына 1-сентябрда старт берилет. Дүйнөлүк банк тарабынан камсыздалган “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жоготуу” долбоорунун алкагында, региондордо 2025-жылга чейин 30 мектептин курулуш иштери жүргүзүлөт. Мектептин ичиндеги эмеректер, техникалар менен камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банк 48.1млн АКШ долларын бөлөт,  — деди Эдил Байсалов.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер