ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК”

  • 07.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн 2023-жылдагы Талас облусунун социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов облус боюнча билим берүү тармагында  жаңы жети мектеп пайдаланууга берилип, жакында дагы үч мектептин ачылышы  күтүлүүдѳ экенин билдирди.

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: “БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ КЕРЕК”

Талас райондук/шаардык усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын берген маалыматына таянсак, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдарды эрте жаштан өнүктүрүү керек экенине токтолду.

— Кытайда балдар үч жашынан баштап иероглифтерди окушат. Андыктан биз дагы эрте окута баштайлы деп жатабыз. “о” даярдоо классын 1-класс кылсак, ошондо 12-класс болсун деп жатабыз. Анткени дүйнө жүзүндө 12-класс болгону чын. Бир нерсени айтып коеюн, биздин аттестаттарды тышкы университеттер тааныбай жатат. Анткени бүтүрүүчүлөр биздин аттестат менен тапшырышса, «дагы бир жыл окуш керек деп, силердики 12 жылдык билим берүү эмес» деп баш тартып, кабыл албай жатат. Биз 12 жылдык программаны жеңилдетебиз. Өзгөчө жогорку 9-10-11-класстарда окуган балдардын кызыгуусун эске алуу менен табигый, гуманитардык багыттарга деп бөлүп коебуз. Башталгыч мектептерде дагы өзгөрүүлөр болот. Мисалы, тажик туугандар баа койбой калышыптыр. 1-класстын окуучусуна “2” коюп койсо, өмүр бою начар окуп калат экен. Дагы STEM, компьютер, англис тилине да басым жасалат. Мисалы, дүйнө жүзүнө белгилүү, күчтүү Кембридж ж.б.  мыкты университеттерден даяр китептерди алып, которуп, адаптациялоо керек. ЖРТ дагы эл аралык стандарттын негизинде түзүлгөн. Жетекчилер менен сүйлөшүп, кеңешип жакшы чечимдер кабыл алынып жатат. Президент өзү айткан, ар бир мугалимге ноутбук берилет деп. Айтканда мугалимдер ишенип-ишенбей жаткан эле. Билим берүү ждана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кытайдагы компьютер чыгарган завод менен сүйлөшүп келди. Дүкөндө 1500 долларга сатылган компьютерлерди 200-250 долларга алсак болот экен. Эми эң жакшысын алалы деп жатабыз, — деди Э.Байсалов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер