ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ!

  • 05.05.2023
  • 0

Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында СССРдин баатыры, Исмаилбек Таранчиевдин 100 жылдык эскрүү кечеси болуп өттү.

ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ УНУТУЛБАЙТ!
Иш-чарага Исмаилбек Таранчиевдин туугандары, мектеп окуучулары, айыл тургундары жана Орусиядан чакырылган атайын коноктор катышты. Болуп өткөн иш-чара тууралуу Аламүдүн райондук балдар чыгармачылык борборунун директору Жаркын Момунова маалымат берди.
— Иш-чаранын башында Советтер Союзунун баатыры Исмаилбек Таранчиевдин эстелигине гүл чамбар коюлуп, эскерилди. Андан соң Аламүдүн балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан атайын концерттик программа коюлуп, окуучулар согуш учурундагы баатырдын эмгектерин сахналаштырып көргөзүп беришти,-деди.
Бул иш-чара 9-май Улуу Жеңиш күнүнө утурлай уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер