“ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ”

  • 12.05.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан Улуу жеңиштин 76 жылдыгына арналган “Эч ким, эч качан унутулбайт” аттуу студенттердин онлайн илимий-практикалык конференциясы   болуп өттү.

Конференциянын катышуучуларын окуу жайдын илимий иштер  боюнча проректору Маданбеков Нуржан, окумуштуулар кеңешинин катчысы Раджапова Нааркүл, Архитектура жана дизайн институтунун директору Халмурзаева  Гаухар куттуктап, Улуу жеңиш жана анын баалуулуктары тууралуу баяндап беришти.

Андан соң студенттер “316-панфиловчулар дивизиясынын баатырдыгы жана эрдиги”, “Ч.Түлөбердиевдин баатырдык эрдиги”,  “Согуш наны”, “Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы Кыргыз Республикасындагы  темир-жол транспорту”, “Оруктагы күжүрмөн эмгек” деген сыяктуу темаларда баяндама жасашса, онго жакын студент согуш жана жеңиш темасына арналган ырларды көркөм окуп беришти.

Иш-чаранын соңунда ФСГИ кафедрасынын башчысы Абылкасымова Гүлназ: “Биздин муундун милдети — ата-бабаларыбыздын эрдигин жана алардын элесин сактоо. Ал эми бүгүнкү конференцияда биз Улуу ата мекендик согуштун негизги орчундуу темаларын кароого аракет кылдык. Өзгөчө көңүлдү Улуу ата мекендик согуш мезгилиндеги кыргызстандыктардын ролу, анын ичинен согуш жылдарындагы кыргыз элинин баатырдык иштери жана оруктагы эмгек эрдиктери тууралуу да кеңири маалыматтарды алдыңыздар”, — деген сөзү менен жыйынтыктап, активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыгын билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер