ЭЧ КАЧАН ЭЧ КИМ УНУТУЛБАЙТ!

  • 29.04.2020
  • 0

Ибраев Илияз Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу. Ал 1921-жылы 14-мартта Тянь-Шань районунун Жан-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Тогуз бир туугандын үчүнчүсү.

ЭЧ КАЧАН ЭЧ КИМ УНУТУЛБАЙТ!

Ибраев Илияз Тянь-Шань районунун, Жан-Булак айылынан 7-классты бүтүргөн. 1942-жылы Жан-Булак айылынан аскерге чакырылып, Улуу ата мекендик согушка аттанган. Кичи сержант Ибраев Илиязтын аскердик кызыл китепчесинен алынган маалыматтар боюнча: 275 дивизияда, 980 аткычтар полкунда, 1-ротада, 1атальондо миниметчик, андан кийин бөлүмдүн командири болуп аскердик кызматын өтөп келген. 1942-45- жылдары немец баскынчылардан эл-жерди бошотууга катышкан. 1945-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясына мүчө болуп шайланган.

ЭЧ КАЧАН ЭЧ КИМ УНУТУЛБАЙТ!

— Атам, старшина Ибраев Илияз, согуштан 1947-жылы өз туулган жерине кайтып келген. 1951-жылдары Нарын шаарындагы аскердик комендатурада эмгектенген. 1953-1973-жылдары Тянь-Шань райондук суу чарба башкармалыгында өз ишин уланткан. Суу чарба тармагында иштеген кезинде Тянь-Шань районунун айдоо жерлерин суу менен камсыздандырууга зор эмгек сиңирген. 1979-1989-жылдары Нарын шаарындагы байланыш бөлүмүндө контролер болуп эмгектенген, — дейт кызы, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Назгүл Ибраева.

Ибраев Илияз кайсы тармакта иштебесин ал эмгек жамаатында кадыр-баркка ээ болгон. Өзүнүн эмгек жолундагы тажрыйбасын жаш муундарга үйрөтүп, ар дайым акыл-кеңешин айтып, чоң насаатчылык кылган.

Анын байбичеси Сабыралиева Зууракан экөө он баланы тарбиялап өстүргөн. Ар бир баласы өз алдынча үй-бүлө куруп, бала-бакыралуу болушту. Азыркы күндө 39 небереси, 70 чөбөрөсү бар.

Ибраев Илияз балдарынын мээрман, камкор атасы, ар дайым балдарын чынчыл, ак ниет, эмгекчил болууга үндөгөн. Балдарынын билим алуусуна өзгөчө көңүл бөлгөн. Азыркы учурда балдары жана неберелеринин баары жогорку билимдүү, ар кыл тармакта иштеп, мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүнө чоң салымдарын кошуп жатышат.

Ибраев Илияз Улуу ата мекендик согушка катышкандыгы үчүн бир топ медалдар, ордендер менен сыйланган. Алсак, «1941-45-жж. Улуу ата мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» 7-май 1946-жылы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атынан ага медаль тапшырылган. Япондук империалисттерге каршы согушка катышкандыгы үчүн «Японияны жеңгендиги үчүн» медалы менен 1-ноябрь 1946-жылы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атынан сыйланган. Ошондой эле ата мекендик согуштун II даражадагы ордени менен жана юбилейлик медалдар менен сыйланып келген.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер