ЭАУНУН СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРГА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА
- 30.09.2019
- 0
25-сентябрда Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын милициясынын 95 жылдык маарекесине арналган иш-чаралар алкагындагы Ачык эшиктер күнүнө Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин чакырышты.
Иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин юриспруденция багытындагы студенттери да катышып, милициянын ишмердиги менен кеңири таанышышты. Анын ичинде милициянын атайын багыттагы “Шумкар” кошуунунун аскердик даярдыгын көрүп, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.Жолдошов менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер